Жигит чочуп кетти. Көзү илээшип, үргүлөй түшкөн...
Саратан чыкканга бир-эки күн эле болду, аптап али күчүндө, көл айлана жалама зоокалар кечке куяш нурун сиңирип, эми күн отурган соң дале ысыгын атарапка чачырытып баштайт...
Кайыкка түшөр адам жок, анысын жээкке жакын токтотуп, көлөкө кылып өзүн калкалап көктөгү аппак булуттардын билгизбей жылганын карап жаткан эле. Кайык майда толкундарга термелип, бир жагы ысыкка, бир жагы керээлден кечке калак шилеп чарчаганга жигит көшүлүп бараткан...
...Бир убакта акырын шыбырт чыккандай болду. Кайыкка жакын, ага бир кулач да жетпеген жерден бутту көрдү. Буттар аппак экен. Кызыл ашыкка чейин жылаңаяк туруптур. Ушунчалык бир аппак бутту, кудай келиштире жасаган сулуу бутту туптунук суу жапканы менен ошол суу ичинен ал кагаздай агарып андан бетер адамды куштарлантат. «Ушундай да сулуу бут болобу» деп ойлоду жигит бир алдын. Бири-бирине кылдат жабышкан салаалары, салаалардын башындагы тырмактары, билинер-билинбес дөмпөйүп турган кызыл ашыгы... Анан жигит ошол сулуу бутту өйдөлөй карады. Уурдана көз жүгүртүп атып сууга малынган кыздын ыштан пайчасын, анан ыштанын байкалды.
- Ассалому алейкум! – Назик, тартуу, кысылган үн чыкты.
- Валейкуму ассалом! – Жигит алик алып жатып өйдөгө карады.
Өйдөдө кыз туруптур. Чачын майдалап өргөнү, ар бир өрүмдүн башына пилик байлап алганы, тиктеген кишини дароо эле өзүнө тартат. «Бу кыз кайдан чыга калды, эмнеге келди, бул өзү ким» деп ойлоп барып, жигит аны менен кайсыл тилде сүйлөшөрүн билбей:
- Шумо тоҷикед? – деди тажикчелеп.
Кыз унчукпады. Тажикче түшүнбөйт окшойт деди жигит ичинде.
- Өзбекмисиз? – деди анан тажик болбосо өзбек болсо керек деп.
- Аралашмын. – Кыз баятан бери суудан албай аткан башын көтөрүп кыргызча таза сүйлөп үн чыгарды. – Байке, кайыгыңыз бошпу?
- Бош.
- Бош экенин көрүп турам. Киши саласызбы дегеним.
- Салам. Ошол кишинин кандай экенине карап..., анан салам.
- Мени да.
- Сен жалгыз элеби? – Жигит эки жакты элеңдей карады. Эч ким көрүнбөйт. – Бутуң үшүп кетти го, кел, кайыкка чык.
Кыз кайыктын бир бурчун коомай кармады эле, ошол жакка тартылып кайык кыймылдап кирди, жигит кайыгын оңтойлоп берди, кыз акырын чыгып, жай отурду. Анан жылаңач буттарынан уялгансып, кымтыланган болду аллас көйнөгү менен.
- Кайсыл жакка айдайын? – Жигит кызга тигилди.
- Онобу жакка! – Башы менен Көк-Суу дайрасынын Курбан-Көлгө куйган жагын ымдап көрсөттү кыз.
Жигит калактарын алып, кайыгынын башын бурду да, жай жылышты.
Улам жылган сайын суу бети быдыр-быдыр быжырап, тоо башына батып бараткан күндүн бүгүнкүнүн соңку нурлары көк көлдү бирде көгүлтүр, бирде көк-жашыл, бирде көк боёкторго боёп, не бир кызыктарга батырат. Аппак булуттар көкмөк асманда да, көкмөк көлдө да жатат окшошуп. Туптунук, жалтыраган көл кайыкты улам өзүнө тартып, кайык үстүндөгү экөөнү өзүндөй эле сырларын жашыртат. Кыз үшүй баштады. Ананчы, тоо башындагы бул сууга ким эле жылаңач бутун салсын.
- Ме, муну жамынып ал! – Кайыгында жаткан кичине, кир төшөгүн кыз жакка ыргытты жигит.
- Көл сулуубу, асман сулуубу? – Кыз таңкаларлык суроо таштады.
А жигит муну ойлогон эмес экен. Бир көлдү, бир асманды карады. Кайык менен көлдө эмес эле асманда сүзүп бараткандай сезди өзүн. Кыз болсо жигит суроосуна жооп бербегенге ардандыбы, же өзү ушундай шашмабы, жооп күтпөй эле дагы суроо узатты:
- Сиз күн сайын кайык менен эл ташып иштейсизби?
- Жок. Мен жума күнү гана келем. Айылда дыйканчылыгым бар. Жума күнү келип, эс алганча кайык менен бирөөлөрдү көлдү айлантам.
- Акысына канча аласыз?
- Эч канча! Соопчулукка. Баары батасын берет. Мага ошол жетет! Көл сулуулугунан эс алам, бир жумалык чарчаганым чыгып кетет!
Жигиттин бул айтканына кыз адегенде ишенбегендей болгонсуду, анан ишендиби – таң кала бир топ тигилип турду.
- Кызык! Азыр да ушундай адамдар барбы?
- Бар экен да, айтып аткандан кийин...
Он чакты чулдук кайыктын алдынан сүзүп келе жатты. Жигит кайыгын токтотуп турду.
- Өтүп кетишсин, көл чүрөктөрү! – деди жай гана үнүн аягандай чыгарып. – Ысымың ким?
Кыз атын айтар-айтпасын ойлонгонсуп:
- Мардон! – деди.
- Мардон! – Жигит анын атын кайталап, өзүнүн мындай ысымды өмүрүндө укпаганын билдирип салды.
Көлдүн эки жагындагы аскалардан көлөкөсү суу бетин утуру кысып, күн тийген жерлерди жеп, көл үстүн тарытып аткандай.
- Сиздин атыңыз ким, ака?
- Али!
- Азирет Али эмеспи?! – Кыз шылдыңдагансып карады жигитке.
- Аскаларды карачы, беш панжа деген булак бар, Азирети Али салаалары менен тартып ийген экен, булак чыгып калыптыр.
- А сиз беш манжаңызды иштетпейсизби? Ээн жерде... Кыздарга?..
- Кудай сактасын!
Экөө арылап сүзө берди. Бири-бирине сырдуу карап коёт. Иңир капчыгай ичин басып, аскалардагы арчалар жактан Зейнебин жоктогон Күкүктүн үнү үзүлүп-үзүлүп угула калат.
- Көлдүн башына келип калдык. Эми кайда барасың? – Жигит кызга суроолуу карады.
Андан ары кыз бара турган жер да жок эле. Малчылар, аңчылар гана барбаса, ары жан адам баспайт.
- Көлдү дагы бир айлантып чыгыңыз?
Жигит кайыктын башын бурду. Бул жинди кыз го деп ойлоду ичинен. Же бир албарстыга жолугуп калдыбы? Бирок коркподу. Мардон таанышындай эле сезилди.
- Курбан-Көлдүн эң терең жери каер? – деди кыз капысынан эле.
- Ортосу! – Ушинтип алып жигит чочуп кетти. – Эмне кыласың?!
- Жөн эле, сурадым да... – Кыз үшкүрүнүп койду.
- Сен кайсыл жерден болосуң?
- Шахмардандан! Пасыраактан.
- Оо, Шахмардандын кыздары...
- Жылан кыздар деңиз?
- Неге?
- Сиз билбейсизби?
- Эмнени?
- Биздин аталар жыландарды сыйлашарын...
- Укпаптырмын... Айтып берчи?
- Илгерки атабыз чөл жакта чоң калаада жашачу экен. Байлар менен бийлери көп базарда тоо тараптан отун алып барып аларын сатып күнүн көрүптүр. Бара-бара отундарын жөн эле сатып ийбей ак турпак ийлеп тандыр кылып, өз отуну менен тандырын кызытып, ун сатып келип, камыр ийлеп, навайчылыкка ооптур. Нандын бир күкүмүн да жерге түшүрбөй, бир нанын да күлгө оонатпай, тандырга жабылган нандын алакандай жерин да күйгүзүп, гагдирак кылбай, ак ниет менен иштептир. Арзабасы ашып, нанын алган кардарлар алыс-жууктан келип ыраазы болуп кетип атыптыр. Анан бирөөнүн каргышы тийдиби, же бирөөнүн көзү тийдиби, же тандырдын табы күйгүздүбү, айтор, анын колунун териси агара баштаптыр, колунан көкүрөгүнө өтүптүр ак тактар, бара-бара бетин басыптыр. Нанын эч ким албай, баары андан качыптыр. Мунун ала кесели элге жугат деп калаадан кууп чыгат амалдуулар. Айла жок, ала-була денесин жан адамга көргөзбөй дайра бойлоп, отун алган жерлерин көздөп жүрөт. Ал жерлерден да өтөт. Бети-башына чөп-чар коёт, ылай сыйпайт, жаныбарлардын майын сүртөт, ысык булактарга түшөт – болбойт. Акыры жадап өлсөм ушул жерде өлөйүн, булакка келген кайберендер көрүшөр деп булактан кана суу ичип, жан алгычты күтүп жатып калат. Алсырайт, кубат кетет. Ошол кезде ошол жерлерде сансыз көп жыландар жашаптыр. Алардын ордо башчысы ак жылан экен. Акырын сойлоп келип, эс-учун билбей жаткан жигиттин денесине муздак денесин тийгизет ак жылан. Адам дале сезбейт. Түнү ийинине барат да, эртеси күн жылый баштаганда булак боюна келип, жигит менен оролошуп кетет. Аларды ордолуу жыландар оромоттоп турат. Акыры жигит ак жыланды көрөт. Анын муздак денеси өзүнө жагымдуу сезилет. Үйрөнүшө түшөт. Үйүр алыша түшөт. Денесиндеги ак тактар жоголуп, мурдагыдан да таза, мурдагыдан да жаш болуп калат. Ошол ак жылан жыландардын шахы экен, мардон дегени кыз да. Биздин айылдын Шахмардон дегени ошондон да. Жылан кыздардын падышасы дегени да.
- Сенин атың ошондонбу?
- Ошондон го?
Жыландын пири да, жигиттин пири да Шаймерден деп айтчу эле ыраматылык чоң атасы. Ошону эстеди. Эстеди да, негедир коркуп кетти. Денесин калтырак аралады. Муздак тер чыкты. Калактары араң-араң шилтенет. Караңгы аралаш кыздын жалтыр-жултур аллас көйнөгү менен аллас ыштаны жыландын терисиндей көрүнө түштү.
- Караңызчы, Али ака, асмандагы Айды? – Жигит башын араң көтөрүп кыз айткан Айды карады. Ай жалкоолоно жылып баратыптыр. – Ай мурда кыз болуптур. Мөлтүргөн сулуу, бейбаш, жалгыз кыз экен. Атасы бир журттун өкүмдары болуп, каардуулугунан камчысынан кан кетпей, кылычы күн сайын кынынан суурулуп турчу дешет. Кызы өзүнүн эле ордосундагы бир баатыр да, балбан да жигитке көзү түшөт. Лекин анысын айта албайт. Айтайын дейт, атасынан коркот. Атасы кызын эч качан, эч кимге эрге бергиси келбейт. Андан-мындан кеп угуп, каардуу кан кызы жакшы көргөн жигит тууралуу билет. Билет да, кызын кызганып, желдеттерине жанагы жигитти жок кылгыла деп жашыруун буйрук берет. Желдеттер жанагы балбан жигиттин колу-бутун байлап, денесине таш чырмап кайык менен көлдүн ортосуна алып келип чөктүрүп ийет. Муну кыз билип калат да, ачууланып атасынын астына келип мойнундагы мончокторун тартып-тартып үзүп, чачып ийиптир. А өзү Айга айланып кетиптир. Ошондо чачылган мончоктор жылдыздар экен. Айга айланган кыз бирде толуп, бирде бөксөрүп, бирде булутка жашынып калып, бирде кайра андан чыгып, балбан жигитин издей берет экен. – Мардондун жүзү айдын жарыгында күңүрт көрүндү. – А биз Али ака, келиңиз, кызга жардам берип жылдыз-мончокторун теришебиз?
Кайыкчы Алинин эми анык эси ооду. Бул кызбы, же... жинди болгон немеби?
- Көлдүн ортосуна келдикпи? – деди кыз бир убакта өткүр сүйлөп. Анан ордунан турду.
- Отур! Эмне турдуң?! – Жигит кызды кагып ийди.
Жигит оң-алеттен кетти. Бул соо кыз эмес го. Же адам эмес, же өзү акылын жоготуп алган.
- Ушундайсыңар да, анан!.. – Кыз ичтен кайгыра үшкүрүп төшөктү чүмкөнө отуруп калды.
Көпкө жымжырттык. Күкүк үнү. Бакалардын тыным албай чардаганы. Астыларында суу. Суу бетинде калкыган кичине кайык. Үстүлөрүндө каалгып булут аралай сүзүп бараткан Ай. Көк бетин бербеген сансыз көп жылдыздар. Суунун билинер-билинбес шарпылдаганы.
Жигит кайыгын жээкке шашып айдамакчы болду эле, кыз айыптуу да, аянычтуу да үн катты:
- Ака, эмне үчүн бул көлдү Курбан-Көл дешет?
Жигит муну ойлобоптур. Ыйык көл экенин, Азирети Алинин буттары тийген жер экенин гана билет. Ошону үчүн ар жума күнү Шаймердендеги жаамы мечиттен жума намаз окуп чыккандан кийин асма жол менен келип, кечке ээси кыштакка кеткен бирөөнүн кайыгын сурап алып, соопчулук үчүн үч-төрт кишини салып, көлдү бир айландырып келет. Ушинтип жүргөнгө быйыл төрт жыл болду. Төрт жылдан бери бул кызды, бул кыз эле эмес, кечке маал жалгыз келген ургаачыны биринчи көрүшү.
- Чамасы, ушул көлгө келип Курбан айтта курбандык кылышса керек, кой, эчки, төө союп, канын көлгө агызса керек! – Жигит өзүнүн табылгасына сүйүнүп кетти. Кыз бир топ ойлонуп калды да:
- Адамдарды курбандык кылбайбы? – деди.
- Кантип эле!?
- Билесизби, Али ака, мен эмнеге келдим?... – Кыз кыйла туруп калды сүйлөбөй. Айтар сөзүн белендеп аткандай.
– Эки жыл болду, бир адамды жоготтум. Аты Расул ака эле. Мен Расул акани көргөн эмесмин. Ата-апасы келип, мени болуп кеткен, кулак сөйкө салган, калыңымы бычкан, баталашканбыз, саратанда той болбойт деп, саратан чыгары менен той кылып көчүрүп кетебиз дешкен. Саратан чыгары менен сүмбүла айдын башында даяр тургула дешкен. Ошол күндөрү кара кийдим, ак оромол салынбай кара оромол жамындым. Расул ака мергенчиликке барчу эмес экен, кандай шайтан айдады, аңчылыкка кетиптир. Бир бадачы төртөө кетип жатканын көргөн, төртөөнүн жүк артынып келе жатканын да көргөн. Өйдөөкү Көк-Көлдөн өтүп Көк-Суу бойлой Курбан-Көлгө чейин келген экен. Ошол бойдон кайтпады. Шериктери да ким экени, не болгондору билинбеди. Отуруп калдым. Келип калар деп бир жыл күттүм... Эки жыл күттүм. Үчүнчү жылы минтип саратан өтүп көлгө жалгыз келдим. Расул акам көрсө деп, жасанып келдим.
- Эмне Курбан-Көлдө дейсиңби?
- Гүманим эле ушул көл. Курбандык болуп кеттиби дейм!
- Тирүү эледир?
- Тирүү эмес окшойт, апасынын барбаган көзү ачыгы калбады, баары бир ооздон «издебей эле койгула, жаннатта жүрөт, силерге жай алып коюп» дешиптир. Курбан-Көл илгери курбандык самаганда буркан-шаркан түшүп, адамдарга атырылып калат экен, анан курбандык чалганда жай жатып, тынчып калчу экен. Караңызчы, кандай бейпилдик!
Жигит көл бетине карады. Ай жарыгында суу бетинде акак, бермет мончоктор чачылып жаткансыды...
- Жана көл ортосунда боюмду таштайын дедим. Бирөө эле көл түбүнөн көрүнгөнсүп, ал мени түртүп тургансып теңселип туруп калдым. Анан сиздин үнүңүздү уктум...
...Жигит чочуп кетти. Көзү илээшип, үргүлөп кеткен экен...
Көл жымжырт. Асманда көп жылдыздардын ортосунда каякадыр акырын сүзүп Ай баратат...
2023-жыл.
Абдыкерим Муратов.
#курбанколдогукыз_элдик
Комментарии 1