Күчтүү адамдарды эч ким сүйбөйт, алар кимдир бирөө үчүн ыңгайсыздык жаратат.
Аларды башкарууга болбойт. Алар өздөрүн гана угушат, эмнеге татыктуу экенин билишет жана андан баш тартууга даяр эмес.
Алардын ички жан дүйнөсүндө жамандыктан алыс болуп, кандай гана кырдаал болбосун, эч нерсеге карабай жакшы жашоону карманган якорь, бузганга же жулуп таштаганга болбой турган тереңде катылган бышык тамыр бар.
Алардын темирдей бекем принциптерин, жеке өзүнүн баалуулугун билген сезимин, өзүнө болгон ишенимин бузууга мүмкүн эмес.
Күчтүүлөр ар кандай чындыкты кабыл алат, тагдырдын соккусун, кыянатчылыкты, бороон-чапкынды жалгыз тосо алышат.
Алар оорудан, жүрөгүндөгү согуштан, тозоктон коркушпайт.
Жүрөгүндө назиктикти жана сулуулукту сактоо менен бирге ырбай баштаган жараны акылдуулукка айландырып, жашоонун даамын татып жашаганды үйрөнүшкөн.
Күчтүүлөр башкалардын жолун тоспойт, бакыт менен соодалашпайт, сүйүү бер деп суранбайт, бирок Кудай аларга сүйүү сезимин жөнөтсө, аны чоң белек катары кабыл алышат жана сүйгөн адамына эч качан кыянаттык кылышпайт.
Туура жашашат, абийир менен иш кылышат. Өзүнө байланыштуу окуялар менен мактанышпайт.
Башкаларды туура жашаганга үйрөтүшпөйт.
Андан көрө өзүн өзү өстүрүп, билимин тереңдетүүнү туура деп эсептешет.
Бирөөгө жүгүн артпастан жашай алышат. Оозунан чыккан сөз жана жасаган иши үчүн жооп бере алышат. Эгер "жыгылса", андан сабак алуу менен бирөөнү эмес, өзүн гана күнөөлөшөт.
Болбогон нерсени ойлонуп, өкүнүп отурбастан, туура жыйынтык чыгара билишет.
Аларды коркутканга мүмкүн эмес. Эч качан, эч кандай шартта анын каалоосуна жана эркине туура келбеген нерсени байлап бере албайсың, жасата да албайсың.
Ошондой эле алар "кеткенди" билишет. Бир убакта, биротоло, экинчи кайтпай турган болуп кетишет.
Алардын сезимин, мүнөзүн жана чыдамынын бекемдигин сынап көргөнгө аракет кылбаңыз, өзүңүз сынып каласыз.
Лия Русс
("Жаз дүйнө" баракчасынан алдым)
Жаз Дүйнө


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10
Эч ким багынта албайт.