Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

28 мая 2024

БАЛАНЫ ТҮЙҮЛДҮК КЕЗИНЕН ТАРБИЯЛАГАН КЫРГЫЗДАР

Соңку жүз жыл ичинде кыргыздардын аң-сезими катуу ѳзгѳрүп кетти. Бири бирине болгон жылуу мамиле жоголуп, анын натыйжасында ички жан дүйнө талкаланды... кыйрады...
Кыргызда "Кичине кезинен ата-эненин мээримин кѳрбѳй чоңойгон адам таш боор болуп калат" деген сөз бар. Андыктан, балага болгон мамиле өтө жылуу болгон.
Бала чоң ата, чоң эненин мээриминде, туура тарбиясында, ысык мамиледе чоңоюшчу. Азыркы учурда кыргыз элинин бир топ пайыз эли таш боор болуп калганынын себеби – сүйүү мээриминен кур калып ѳскѳнүнѳн. Ошол себептен, балага болгон тарбияны, мээримди күчөтсөк...
Байыркы кыргыздардын дүйнѳгѳ, ааламга, элге, мекенине, бири-бирине болгон сүйүүсү күчтүү, намысы бекем болчу. Намыс – ѳлүмдѳн да жогору турган. Бир кыргызды да жоого алдырып жибербей, намысты бекем кармап турушкан. Кийинчерээк касиетибиздин баары кетип, каада-салтыбызды катуу кармабай калдык... Аттиң...
Биздин каада-салт эмне үчүн күчтүү деп айтылат. Анткени анда касиет бар. Каада-салт касиетин бекем кармаганы үчүн байыркы кыргыздар улуу эл болгон.
Мисалы үчүн азыркы учурда деле тибеттик кыргыздарда жакшы, ыйык адам тѳрѳлүш үчүн баланы бойго бүтүрүү мезгилинен тарта эле каада-салтты катуу кармашат.
Аялдын жатынын уруктандыруу алдында алар түнкү 11де чогулушат, бул маалда ушул дүйнѳ менен тигил дүйнѳнүн ортосундагы таасир берчү бир убакыт-саат болот экен.
Анан алар ошол маалда от жагып, жыттуу чѳптѳрдү күйгүзүп, эч ким сүйлѳбѳй мемиреген тынчтыкты сакташат да, жубайлардын ата-энелери, урук-тууганы жакшы адам жаралсын деп тилек кылышат. Бул кѳрүнүш кыргыздарда байыртадан болгон, биз жоготуп алдык, тибеттик кыргыздар дале колдонууда.
Анан бойго бүтүп эки ай болгондо курсактагы баланы тарбиялоо башталчу. Кош бойлуу келиндерди сѳзсүз түрдѳ элдик баяндарды, эпосторду угууга, Манас угууга чакырышчу. Себеби, аларда жѳн эле окуяларды сүрѳттѳѳ, айтып берүү эмес, жашоонун философиясы жатат. Эки айынан тарта курсактагы жан ѳзүн толук тааныйт, аң-сезими калыптанат, сырттагы жакшы-жаман нерселерди кабыл ала баштайт, угат, тогуз айына чейин энеси тарабынан айтылган каада-салт, ырым-жырымдар менен сугарыла берет. Аларга жомоктор, ата-теги, жети атасы тааныштырылып, чоң аталары кандай баатыр болгону, ким болгону айтылчу. Кыскасы, курсактагы ымыркай тирүү адам катары кабыл алынат. Анан жанагынын баарын угуп, ата-эненин мээрими, сүйүүсү тѳгүлгѳн бала жеңил тѳрѳлѳт, бу дүйнѳгѳ кубанычта келет. Ал эми биздин турмушта кездешчү «мен бул баланы тѳрѳгүм келбейт!» деп энеси кыйкырган убакта, түйүлдүктү чанган кезде ичте жаткан бала тоголоктошо түшѳт, ѳзүнүн ѳгѳйлѳнүп жатканын сезет, бу дүйнѳгѳ тѳрѳлгѳндѳн коркот. Ошондуктан, курсактагы балага энеси да, атасы да, чоң ата-чоң энеси да «биз сени жакшы кѳрѳбүз, күтүп атабыз» деп сүйүп, эркелетип турушу зарыл.
Тѳрѳлгѳндѳн кийин кырк күн эне менен бала эч кимге кѳргѳзүлбѳй багылышы керек. Себеби, тѳрѳт учурунда аялдын аурасы айрылат, анын аурасында тѳрѳлгѳн бала экѳѳ тең сырткы дүйнѳдѳн коргонууга алсыз болушат. Кырк күндѳ ауралары калыбына келмейинче кѳп кѳздѳн, сѳздѳн сактануу зарыл.
Ошентип, 2 айлык түйүлдүк кезинен тартып сүйүү мээримин алган, туура тарбияланган бала тентек болбойт экен. Тибет кыргыздарынын арасында бир жыл жашап, мен андай бир да баланы кѳргѳнүм жок. Бизде эмне үчүн ашкере тентек болушат, мунун себеби, инь же янь энергиясы кѳп болуп кеткенде балдар тентек болот. Эркектин мамилеси кѳп болуп кеткенде же аялдын мээрими ѳтпѳй чоңойгондо бала тентек болуп кетет. Ошон үчүн наристеге ымыркайынан тарта мээрим тѳгүп, тең салмактуу тарбия берип чоңойтуш керек.
(Кыргыз философия илиминин, аюрвед илиминин доктору, шаман жана дарыгер Жолдошбек Султановдун маегинен, “Көк асаба”

БАЛАНЫ ТҮЙҮЛДҮК КЕЗИНЕН ТАРБИЯЛАГАН КЫРГЫЗДАР - 975012903509

Нет комментариев

Новые комментарии
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Следующая публикация
Смотрите любимое новогоднее кино в ОК!
Собрали лучшее для вас 🧡
Выбрать фильм
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

ЛентаТемы 27 026Фото 21 966Видео 1 630Участники 39 114
  • Подарки
Левая колонка
Всё 27 026
Обсуждаемые

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

Зарегистрироваться