
Сирень ооруларды, атүгүл туруктуу ооруларды жеңилдетет!
Май айынын башында, сирень бардык жерде активдүү гүлдөй баштайт. Андыктан аны кээ бир оорулардан кантип арылуу үчүн колдонсоңуз болорун айткыбыз келет.
Артрит, артроз, белдин оорушун тынчтандыруу үчүн 0,5 литр кайнак сууга 3 гүлдүү ак сирень гүлүн салып, 3 күн муздаткычка коюп, чыпкалап, 1 аш.кашык тундурма 45 күн бою күнүнө 3 маал тамактын алдында жарым саат мурун ичсе болот 3 айлык тыныгуудан кийин дарылоо курсун кайталаңыз. Андан кийин, зарыл болгон настой даярдап алыңыз. Сирень гүлдөө мезгили кыска болгондуктан, алдыда колдонуу үчүн аны кургатып алууну сунуштайбыз.
Ар кандай бронхитти сирень тундурмасы менен айыктырса болот. Айнек банканы сирень гүлүнө салып, үстүнө аракты толтура куюп, бөлмө температурасында караңгы жерде 10 күн калтырып, андан кийин 30 мл тундурманы кечинде жатар алдында бир стакан күчтүү чайга эритүү керек, ал эми эритмени түнү кичине ууртоолор менен ичиңиз. дарылоо курсу - 3 күн. Настойка куюлган банканы бекем жабык кармаңыз.
Сирень чай тиш оорусун басат. 1 литр сууга 3-6 жалбырактуу сирень гүлүнүн кургак же жаңы бутагын салып, бир нече мүнөт кайнатып, жылыганга чейин калтырып, сүзүп, 5-10 мүнөткө оозду чайкоо керек.
Көптөр мозоль жана грибок(мазоль) менен жабыркайт. Аларга жыпар жыттуу сирень жардам берет. Жашыл сирень жалбырагына жумшартылган самынды сүйкөп, көйгөйлүү жерге самынды сүйкөп, бинт менен бекитүү керек. Компрессти күн сайын алмаштырып туруңуз, көгөйлүү жерлер толугу менен жок болгончо кармайсыз.
Жазында банкага кадимки сирень гүлдөрүн бекем толтуруп, 40% арак менен толтуруңуз. Жылуу жерге 2 жума демдеп коёбуз. Радикулитте тундурманы сүртүп, суук тийгенде жарым стакан сууга 20-30 тамчы тамызып күнүнө бир жолудан ичүү керек.
Элдик медицинада сирень тундурмасы кулак чуулдаганда, жөтөлдө, ашказан жарасында, диареяда (понос), көк жөтөлдө, өпкө кургак учугунда, эпилепсияда жана бөйрөктөгү таштарды кетирүүдө колдонулат. Сиз 1 аш кашык сирендин кургак майдаланган гүлдөрүнүн үстүнө бир стакан кайнак суу куюп, 15-20 мүнөттөн кийин чыпкалап, 1 аш кашыктан абалыңыз жакшырганга чейин күнүнө 3-4 жолудан ичиңиз.
ВАРИКОЗ. Толук банкага толтурулган гүлдү арак менен толтуруп, бир айга калтырыңыз. Түнкүсүн приочка(Ооруган жерге кебез, даки, сууга нымдалган чүпүрөк же дары эритмесин сүйкөп коюудан турган дарылоо процедурасы)жана компресс жасаңыз (сүтпөңүз!).
Каршы көрсөтмөлөрү.
Сирень препараттарын ичке колдонууда, этият болушуңуз керек - алар сизге байкоосуздан кандай терс таасир алып келери азырынча белгисиз. Маалым болгондой, сирень гүлдөрүнүн тундурмасы аменореяга – аялдардын этек киринин узакка кечигүүсүнө каршы. Сирень бөйрөктүн кээ бир сезгенүү ооруларында колдонулса да, бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги же гломерулонефрит үчүн аны колдонууга болбойт. Сирень атоникалык ич катууда да пайдалуу эмес. Биз көп сандагы сирень гүлдөрү уулуу экенин эстен чыгарбашыбыз керек, ал жалбырактарды жана бүчүрлөрдү колдонуу жакшы.
Пайдалуу кеңештер.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1