Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

21 мар 2024

💞Апам уйдо иштейт деп койбойбу деп ичимден жымыйып калдым.

Бир куну келин уулум уйго суротчуну чакырыптыр, баары эле ызы чуу болуп даярданып жасанып журушот. Биз да кийингени кирип чыксак озулору эле диванга бала чакасы менен тушуп жатышат, анан экоо ар кайсы жерден туруп тушуп журушот 😞. Апеей бизди деле келгиле деп койбойбу дегиче, кызымдын кызы тайне журугуло мен силер менен тушом дегени жинимди жууп кетти. Бирок суротко нааразы болуп тушконум даана билинип калыптыр. Эртеси жолдошум бир иш менен эки кунго кеткен, мен болсо уй да жыйнабай, тамак да жасабай авысындар менен телефондо суйлошуп жатып алдым. Тушто неберелерим келди, уйду коруп эмне жыйнаган жоксун? - дегендей мени карап койду. Кечинде уулум келип апа тамак жокпу? - деди, мен бетиме маска койуп алып жаткам жооп да берген жокмун. Балам да тан калып карап койуп чыгып кетти. Мен саат жетиге мончого жазылгам ошого даярданып жаткам. Келиним келип мени бир карап куйоосун бир карап койуп тамак жасап кирди. Мончого даярдап койгон баштыгымы алып, кеч чыксам салкын болуп калат деп кардиганымды колума кармап чыгып бара жатсам, улуу неберем сиз кайака? - деди. Мен силерге таарындым, тамагынарды жасайм, уйду жыйнайм, анан суротко тушсонор озунорчо тушосунор, тушо бергиле деп чыгып баратып артымды карасам, сумсайып туруп калыптыр 😃🤭. Мен болсо мончого кетип калдым барсам устунку кочодогу эже да бар экен экообуз кечке суйлошуп чыкканда, журу кешик жеп кет, жакында кичуу кызын узаттык деп уйуно бардык. Неберем болсо уйго кирип келин уулума апам таарынып кетип калды десе эч ким маани беришпептир. Тамак бышканда мени кошуналарга чалып издей башташат. Неберемен кайсы сумка менен кетти эмне кийип кетти? - деп сурай башташат. Саат он эки аялдын башы бириксе, ушак уланат эмеспи суйлошуп отурабыз 🤪🤭. Уйдогулор сен айтып койбойт белен? - деп бирин бири куноолу кылып отурушуптур. Кызымдын кызы тайенем таарынып кетип калды деп ыйлап, апасына чалып ийет. Кызым уулума чалып, "Эмне деп таарынттынар? - деп келин экоону урушуп салат. Айласы кетип 11де колдо жургон атасына чалып мени сурайт ал да билбейт🤦‍♀️. Неберелерим да сен апам жасаган тамагын жаман болуп калыптыр деп жебей койгонсун,, ошого таарынды дептир. Убакыт кандай отконун билбей калыптырбыз, карасак саат 12! "Кой, деп уйго жонодум. Кешиктен деп эт, боорсок, таттууларды салып берди. Келсем балам эшикте кутуп туруптур. Апа кайда журосуз? - сарсанаа кылып дейт. Мончого бардым эми силерге отчёт беришим керекпи - деп кесе айтсам, унчукпай отуруп калды. Уйдо эмне болуп кеткенин кайдан билейин. 🤭Уйго кирсем небере кызым чуркап келип кучактап, апа экинчи телефонунузду албайм кетпенизчи деп ыйлап калса болобу. Телефондо ойноп жатканынан ойной берсин деп калтырып кетип калгам. Берки Неберелерим андан кучактап экинчи кетпенизчи, кийимдерибизди жыйнап турабыз деп соз беришти. Келиним тушунбой козумду карайт. Апкелгендеримди келиниме берип, кайака барганымды айтсам, келиним эртеден бери эмне болгонун кулкусун бир тыйа албай, айтып берип жатты. Эртеси чалым таң атпай жетип келди, ага да келди деп айтпай калышыптыр 😃. Ошентип келин эмес же кемпир эмес болуп калган куракта,,, апа "-деген статусумдун барктуу экенин бир сездим. Азыр баары артынан жыйнап кетишет, келиним да бир чыны калтырбай жууп кетет. Ушу жашка келип буту колум аман болуп, балдарыма кызмат кылганга жеткирген кудайга мин мерттебе шугур кылам. Бирок кээде уйдогулорго оз ордун корсотуп коюш керек экен 😉👌.
Бар болгула уйдун куту апалар 🥰Румо.

💞Апам уйдо иштейт деп койбойбу деп ичимден жымыйып калдым. - 972174782549

Комментарии 6

Света Абдыбачаева
Света Абдыбачаева
❤️❤️
21 мар 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулмира Орозбаева
    Гулмира Орозбаева
    🎁🎁🎁
    22 мар 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Urumkan Alparova
    Urumkan Alparova
    Туура айтасыз
    22 мар 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ханбийке А
    Ханбийке А
    🎁🎁🎁❤️❤️❤️
    22 мар 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Бурул Атабекова
    Бурул Атабекова
    Туура эле кылыптырсыз🎁🎁
    24 мар 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Рамазан Ибрахим ов
    Рамазан Ибрахим ов
    Сонун көз ирмемдер менен бөлүшүпсүз.
    25 мар 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Смотрите любимое новогоднее кино в ОК!
    Собрали лучшее для вас 🧡
    Выбрать фильм
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 019Фото 21 959Видео 1 630Участники 39 098
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 019
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться