Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

7 янв 2024

Бир тууган сиңдим батырбай, Москвада түн бир оокумда көчөдө калдым

Жумуштан шашпай чыктым, мен үчүн убакытты өткөрүү керек эле. Анткени бара турган үйүм жок, бир сом акчам жок. Оор үшкүрүп чемоданымды сүйрөп метронун ичинде отурдум. Саат бирде метро жабылат кайда барам? Көзүмдү жумуп эртең мененки сиңдимдин кылыгын эстедим, бир тууган сиңдим көптөн бери айта албайт, бирок кодолоп батырбай келет. «Душка ким түштү эле?» деп баштады. Жаш баладай мен дедим. «Жууп койбойсуңбу?» — деп сүйлөнүп кирди. Мен Элүүдөгү аялмын кантип жуубай койойун. Бир чыны чайды эптеп жуттум да, киймимди алып чыгып кеттим. Сыртка чыгып кыйкырып ыйлагым келди, бирок кимге? Жааган кар сооротконсуп, бетимен өөп жерге түшүп жатты.
Кичинебизде адырды аралап чуркап ойногон сиңдим, нанга каймак сүйкөп баштыкка салып алып бөлүшүп жеген сиңдим, жыгылып алып тизеси айрылып ыйласа жалбыракты шилекейлеп жабыштырып сооротуп мен жакшы көргөн сиңдим ушунча өзгөргөнүнө таң калды. Чөнтөгүндө бир сому жок, барар үйү жок бир тууганын бир сурап койбоду. Бул жакка мени да карыз, кредит алып келди. Айлам кетип сиңдим бир жумушка киргизип койсо иштеп кетермин деп келгем, иштедим бирок акчам тийбейт алалбай ушундай кыйналдым. Бир нан көтөрүп келбесең тамак да өтпөйт экен, келип эле жатып калам. Жумушта баары тамак ичкенден кийин барабыз, анткени калган нандарды тамактарды жейбиз. Көзүмдү жумуп мен эмне жамандык кылдым деп, артка тегеретип карадым. Жардамым болбосо да, жамандыгым болбоптур го жаным. Биринчи курста ала качып кетти, күйөөм кызыл камчы, кызганчаак болду. Иштеген жерге келип алып чуу чыгарган, балдарымды алып качып жүрүп убакыттын өткөнүн да билбептирмин. Кыздарым күйөөгө чыгып кетишти, балам бойго жетип өзү менен өзү. Эшигимди тепкилеп келген доочулардан кутулуштун бир гана жолу асынып алуу эле калды. Очокканага барып аркан менен чоң үстөлгө чыктым, жетпей калдым. Ашканадан кичине үстөлгө чыксам, алдыман апам чыкты. Көңүлү көтөрүлүп сүйүнүп алыптыр. Аяш баласы той берип ошого келиптир, эт боорсогун столго жайнатты. Ошондо кудайга миң мертебе шүгүр кылдым, өзүмө өзүм кол салып өлүп алсам, апам байкушту өмүр бою тозокко салып кетмек экенмин. Апама ичимдеги көйгөйүмдү айттым, «Россияга барып иштейин башка арга жок» дедим. Апам да макул болду. Ошентип мен да Москванын жактырбаган коногу болдум.
Метродо үч саат отуруп андан ары вокзалга бардым, ал жерде таң атырып алып жумуш издедим. Сураштырып отуруп бир жумуш таптым бирок эртең дейт. Эмне кылам бүгүн да бир жерге баш калкалаш керек. Вокзалга күндө бара берсем кармап кетпесин деп, бүгүн аэропортко бардым. Ачка болсом да жылуу болгонго уктап калыптырмын. Эртең менен жумушка бардым жатар жерим жок экенин чемоданымдан билди окшойт, подвалына жата бер деди. Жумуш кеч бүттү аябай чарчадым, ящиктерди койуп жаттым. Чарчасам да сиңдим чалдыбы же жазды бекен деп телефонумду карадым, кабар жок. Менден кутулганына сүйүнгөндөй. Ошентип күн өтүп жатты. Ашпозчуларга жардам берип жүрүп үйрөнүп алдым да кухняга өтүп кеттим. Карызымдан буюрса кутулдум. Бирок эми кайда барам? Мен кимге керекмин? — деген суроо туулду. Башыңа иш түшкөндө кимдин ким экени билинет деген эң туура экен.
Карызымды төлөйм деп жүрүп, неберелеримди да көрө албаптырмын. Кыздарым да алыстагандай, күйөөмө баары бир сыз жерге жатып, ачка болуп жүрүп иштегенимди билген да жок. «Бирөөнү таап алдың да» деп күйдүрөт. Бир гана апаң сени чанып кетпейт экен, сурап турат.
Сиңдим болсо апама «жакшылыкты билбейт кызың, бекер үй, бекер тамак ичип отура бербейби»деп апама жамандаптыр. Апама экөөбүз тең баласыбыз эч кимибизге тарта албай элдештире албай жүрөт. Муну менен мен эмне айткым келди, мен таарындым тагдырыма эмес өзүмө.
Мен өзүмө таарындым турмушум ушундай тайгалак болуп чалып турганына, таарындым колумда жок болуп апама ойдогусун алып бере албаганыма таарындым. Өзүмө сиңдиме оорчулук келтиргениме таарындым.
Ушу өткөн ар бир күнү алланын атын атап, жардам сурадым кудайыма миң мертебе шүгүр кылам, шүгүр кылып келем. Мен бир тууганымды кечиргем, анткени ал менин бипбиртууган сиңдим, кайда болсо аман болсун. Кичинебизде кашыка кантты ээритип момпосуй жасап апаман таяк жеген күндү эстеп күлүп отургум келет, бирок телефонго сенден коңгуроо келбейт. Бирок күтөм, сени сагынам сиңдим. Кокус көзүм өтүп кетсе, келип ыйласаң да мен билбейм. Мен алыыыс жакта болом.
Муну окуп жаткан болсоңуз бир туугандардан кабар алыңыз, кеч болуп калбасын. Бар байлыгым бир тууганым.
Интернет не алынды

Комментарии 28

Жазгул Сапарбековна
Жазгул Сапарбековна
Ушунчалык ыйладым ,бирок бар жашоодо бир туугандар😢
8 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гул дд
    Гул дд
    туура, азыр бир тууган ьир тууганга карабай калган заман мындай бар бир эле сизде эмес , озуно куч кубат,ыйман берсин
    8 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулькаир Тургунбайева
    Гулькаир Тургунбайева
    Бир туугандан баш таркан адам эч качан бейишке кирбейт дейт .акылы бар инсанга ушул хадис жетиш керек бир тууганын ачка болсо сенин курсагындан кантип тамак отот мындай бир туугандын барыдан жогу жакшы.
    8 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Чынара Кулматова
    Чынара Кулматова
    Бир туугандан башка ыйык нерсе жокгой байлык башка нерсени таап алыш тез эле бирок Бир тууган Ата эненден калган белек деп эсептейли
    8 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    aichurok 💝💝💖💖💞💞💗
    aichurok 💝💝💖💖💞💞💗
    синдисине ОЗУ деле чалбайбы,
    8 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    с м
    с м
    Ушундай бир туугандан Кудайым озун сакта!...
    8 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Eliza Akylbekovna
    Eliza Akylbekovna
    АК конул адамдын башынан ушундай оор тагдыр коп отот.Мен дагы конулчооктуктон жадап кетем,ташбоор болойун десем, эч колумдан келбеди.
    9 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Jirgalbek Sambetov
    Jirgalbek Sambetov
    Бир туугандан баш тарткан Адам эч качан бейишке кирбейт
    9 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Н С
    Н С
    Менда оксуп ыйладым бооруукермин....колдо бар Алтындын баркы жокда психикасы башкача экенда башкы каармандын озун учун жаша,Аллахтан кана умут кылгыла адамдардан эмес...
    9 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулсун Торбаева
    Гулсун Торбаева
    Мындай нерсе менин да башыман отту Бир кыйынчылыктын артында жакшылыктар болот жакшылыктан умут узбо Алладан сура жакшылыкты Бир Туган Ата ененин барында Бир Туган болот кийин ар кимиси озунчо болгондо Туган большой калат екен
    10 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айжамал Тагаева
    Айжамал Тагаева
    Москвада ошондой эже андай кундон отконбуз.
    10 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    77 77
    77 77
    😭😭😭 кандайгана өкүнүчтүү ээ бир боорлор башына кыйынчылык тушкөндө бооруна тепкени
    11 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    (((N))) Шакировна
    (((N))) Шакировна
    Бир Алла га бир озуно ишен, эч качан биродон жардам сурабай озуно бек болушун керек экен адам баласы.
    65-70 жаштагылар иштеп журот, 50 жаш кеч эмес иштеп жашоону жакшы кылуу га болот.
    Акча таап жашоон жакшы болсо оздору эле келет, бир тууган мн достор, озун жашоо учун курошпосон эч ким ге кергин жок да. Аракет кыл озун учун жаша ошондо баары жакшы болот.
    12 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жаркынай Курбанова
    Жаркынай Курбанова
    Ынсап берсин ар бир пендеге🤲
    Акча эмнелерге алып барбайт адамдарды. Бир туугандардыда бири биринен алыстатып.
    12 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жаркынай Курбанова
    Жаркынай Курбанова
    Эже сизге ден с, күч кубат берсин аллахым. Сабыр кылың баары жакшы болот. ❤️
    12 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жамила Тилявалдыева
    Жамила Тилявалдыева
    Ыйман берсин Баарыбызга.
    14 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Чинара Мырзакматова
    Чинара Мырзакматова
    Козумо жаш алдым чыны турмуштан
    15 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Мээркан Торогелди Кызы
    Мээркан Торогелди Кызы
    Мен да окуп отуруп козумо жаш алдым бул дуйнодо эже синди ынтымак болуп корушуп сурашканбыз эле калат оо дуйного барганда зарласак да корушо албайт экенбиз ошон учун жалган дуйнодо урушпай таарынышпай журунуздор
    21 янв 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    J L M
    J L M
    Ммм..""азыр жууйм, чала болуп калса керек да""--деп чыкпай эле, жумуш таап , айлык алгандан кийин кровать снимать этип кетсең болмок. Эч кимиң жок болсо чемоданың менен эмнеге кеттиң, сени колуңдан жетелеп чыккан жок да..
    Сиңдиңе зв эт да рахмат айт, ошол күнү кетпесең балким чымырканмак эмессиң , демек сени турмуш бир нерсеге үйрөткөнгө камдады...Сиңдиң сага караганда турмушуна тың, кайраттуу болгон, сен аны раздражать этчүсүң, кодулаганы оңолсун дегени болчу, сен дагы аны туура түшүнбөдүң. Негизи конфлик үчүн 1 адамдан кетпейт күнөө, түшүнбөстүк болот конфликтин фундаменти.
    28 мар 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Дааригул ( никелүү)
    Дааригул ( никелүү)
    😳
    24 апр 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Смотрите любимое новогоднее кино в ОК!
    Собрали лучшее для вас 🧡
    Выбрать фильм
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 057Фото 22 016Видео 1 630Участники 39 199
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 057
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться