Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

1 окт 2023

1- БӨЛҮМ

1- БӨЛҮМ - 963903016021
(Жоокердин махабаты) Чита шаарынан Иркутскиге чейинки жолума, электропоездке билет алдым, андан арысын Иркутск-Алма-Ата аба каттамы менен улантат элем…Учурда Забайкалье крайында өткөн илимий- конференцияга катышып…Эми кайтар күн келип, түштөнүп алгандан кийин, темир жол вокзалынан поездке жетип, сапар тарта турган купеме кирсем;эки славян улутундагы жүргүнчү, терезесине жакын жайгашкан, чакан столдун үстүндө мини-шахмат кутучасы ачылып; майда, сайылма шахмат фигуралары оюнга даяр турат. Ангыча артыман дагы бир жүргүнчү кирип келди. Аттарыбызды аташып, салам беришип, кыскача таанышып жатсак, поезд ичи силкинип, таманыбыздын алды солкулдап, жыла баштадык.Терезенин түбүнөн орун алгандар, шахмат оюнун улантуу менен алектенип жатышат. Менин алаксыр эч нерсем жоктугунан, маңдайымдан жаңы орун алган жүргүнчүгө көңүл бура баштадым.Узун бойлуу келген, жука жаак, өңү кубарыңкы, көптөн бери уйку көрбөгөндөй көзү кызарат, жүзү чарчаңкы, жаактары шимирилип, кат-кат бырыш...Өңүнөн баамдасам жапжаш эле, жыйырма жаштын тегерегиндеги жигит окшойт? Бирок карашы эмнегедир жалтаң, кийген кийимдери жаңы бирок уйпаланган, костюму нөшөөр жаанда көпкө калып, кургаганда балбактап, клейинен ажырап, шымынын үтүктөлүүсү да жанып кеткендей... Далысы сулкуюп, майланышып таралбаган чачтары иретсиз жапырылат. Анын учурдагы жүдөмүш кейпин көрүп, оюма эмнелер гана келбеди:”Улуту ким болду экен, эмне абактан качып чыккан ойронбу?... Эмнеге карегин жашырып, кайдыгер карайт? ” Бир мерчем убакыт өткөндө, поезддин эки кызматкери купебизге баш багып, документтерибизди текшерип кирди. Адегенде тиги жигиттен баштады. Байкасам анын паспорту жок экен, бир барак бырышкан Справканы эле сунду. Документ менен таанышып жаткан кызматкер, кебетеси жергиликтүү бурят улутунан окшоду:”Оо,Сиз эрте эле армиядан бошонуптурсузго, бирок эмнеге мекениңизге кеч чыгындыңыз эле, карачы Справканын жарак мөөнөтү да өтүп кетиптир?”... Жигит кысынып, жерди карап, күнк этти:”Ошондой болуп калды, кечиресиздер, иш менен кармалып калдым?" -Мейли, эмесе! Жериңе жеткенде: Военкомат жана тийиштүү органдар териштирип алышар?... Макул, тууганым! Анда Кыргызстандыктарга салам айта бар!...Калганыбыздыкын да карап; документ, билеттерибиздин жайында экенине ынанышып, кош айтышып, чыгып кетишти. Анан бош отурган экөөбүздүн ортобузда, өлүк тынчтык өкүм сүрүп кирди...Купенин терезесинен сырт тарапты карамыш болобуз, бирок бизге алыс болуп, кичирейип көрүнгөн сүрөттөрү кино тасманын лентасындай тегеренип, башыбызды кошо тегеретет. Бейтаныш жигиттин аты Сапар эле. Бир маалда ал вагондун корридоруна чыкты. Аздан кийин менда чыктым. Карасам каршыдагы терезенин кармагычын бекем карманып алып, айнекке чекесин такап, мас болгон кишидей денеси термелип турат…Жанынан өткөндөргө жол бошотуп берип, эч кимисине көңүл бурбайт…Жанынан менда аярлап өтүп, вагондун этегиндеги тамбур кошулган тар аянтчага токтоп, тамеки чегип кирдим…Бир маалда ал жаныма басып келди. Тамеки сурады. Бердим, чогуу түтүн булаттык...Алда Теңир- Тоолук экен!...Бир маалда убакыт байкалбай чуркай баштады, анткени бара-бара кенен баарлашууга өттүк. Жердешчилигибиз анын көңүлүн тез ойготту! Ооз ачкан алгачкы кебинен, анын мекенин аябай сагынганын байкалды…Ошол жолдогу маектешүүдө, мени да түйшөлткөн бул окуясын; кеч күздөгү майдаланып жааган муздак ак жамгырдай кылып, төгүп берген эле... Теребел гүлдөргө оронуп, жыпары буркурап, жашылданган бөксө тоолор маралдай керилип, суйкайган жай айынын керемет күндөрүнүн биринде, Ата -Мекенди коргоо милдетимди өтөш үчүн, чакыруу кагазын алдым.... Эми эртең аскерге жөнөрүмө кам көрүп; кийим-кечек, жолго “үч күндүк” азыгымды даярдап, апам экөөбүз күйпөлөктөп жатып, кеч жаттык. Жатаарда апама атайын кайрылдым; -Апа, эртең өзүм теңдүүлөр менен жолго аттанамын... Сиз, мени узатып, ал жакка барбай эле коюңузчу, үйдөн эле коштошолу, ээ?... -Эмнеге үйдөн?... Автобустка сени салып эле коштошом!... -Апа, аякка барбай эле коюңузчу! Кыздар да мени узатышат... Сизден, алар уялышатда? Анан дагы автобус жылганда; Сиз, көпчүлүктүн көзүнчө, ыйлап жибересиз?... Аныңызды байкаган мен, токтоналбай, кошо ыйлап жиберем... Баягы Азык байкемди узатканда, экөөңөр ыйлап, бир топ эл күлгөн эле?... Ошол окуя кайталанат? Дагы уят болобуз! -Барам эле. Кантип сени узатып барбай калам! Элдин ата-энелери балдарын армияга узатып жатышса?... Ошондо жакшы болмок беле?... Жок балам, барам эле! Болуптур, бул жолу ыйлабайын, карманайын... Эми коркпо, анда алгачкы жолу баламды армияга узатышым эле да? Эрте туруп; айылды, тоону, теребелди айланта карап, дагы бир ирет коштоштум. Анан азыктанып, жолго алчу керектүүлөрүмдү сумкага салып, үйдөгүлөр; атам, инилерим менен коштошуп, апам экөөбүз военкомат тарапка жөнөдүк. Төрт сары түстөгү автобустар, военкоматтын маңдайында, катар тизилишип турат. Элдин асты болуп биз барыптырбыз, аздан соң, эл чубуруп келе баштады. Мени узатканы эки теңтуш кыздар келишиптир.Элден бөлүнүп, жол боюндагы чоң дарактын далдоосунда; көңүлүбүздү жайдары кармап, күлүп, азилдешип, жөнөрдү күтүп жаттык. Ар кайсы айылдардан келип, жоокерге кетүүчүлөр да чогулушту. Ал-бул болуп жатып, эки саттай убакыт өттү. Бир маалда военкоматтын офицерлери тизме менен чакырып, кезектетип аскерге кетүүчүлөрдү автобустарга салып кирди. Меники эң аягындагы автобус болду. Кыздар менен коштошуп, анан апам менен өбүшүп киргенде эле, апамдын көзү жашылданып, бурула калып, бет аарчысы менен сүртүнүп кирсе болобу?... Жакшы эле чыдагам, бирок автобус жыла баштаганда; апамды кошуналары сооротуп жатышканын көрүп, көз жашым көнөктөп, жаагыман ылдый салалап кирди. Автобустун капталынан кыздарда кол булгалап жатышкан, алардан уялып, башымды катып, жеңимдин учу менен байкатпай көз жашымды сүртүп, жооп кыла аларга колумду булгаладым... Кошуна отурган балдардан уялып, аларды тике карай албай жатам... Айылымдын жылуу карааны, уламдан-улам артта калып жатты. “Кошкула! Алтын топурагым, туулган жерим, көнгөн туурум, өспүрүм курагым!... Ичим ачышып, көңүлүмдү эми оор ойлор ороп кирди. Фрунзе шаарына күүгүм чамал жетип, эртээси эрте поездке отургузушту. Вагондун салондору плацкартык орундар... Ар бир купесине, сегизден прызывниктер батыштык. Ар бир вагонду, аскердик бөлүктөрдөн жиберилген топ “старик” жоокерлер, офицерлери менен көзөмөлгө алышты. Купеге өзүбүздөн «старщийлер» дайындалды. Биздин купеге мени дайындады. Жөнөп баратабыз түндүк-чыгыш тарапты карай. Поезд үнү бир калыпта тынбай; “така-тук”,”така-тук”... Станцияларга жеткене калганда, узун ичке үн чыгарып, “чаңырып” калат. Ар бирибиз ичибизден тынчыбай, кечөөкү эле басып жүргөн айлыбызды. ”Жөжөсүн канатына коргоп, жаан тамчысына, шамалдын желине тийгизбей”, багып келген ата-эненин камкордугу эске түшүп, көзүбуз жашылданат. Жаш кулундай үйүрдү тегеренип чуркаган, жаны тынбаган балалык, эселек кезибиз элестей калат. Ансайын, өгөй талаага чыгып көрбөгөн жаш жүрөгүбүз, кусага батат... Жүзүбүз кубарып, тунжурашып, артка кылчая берип, эсибиз ооп жатты. Бизди эми алдыда; үч жыл катаал сыноо мезгили күтүп жатат?... Кыштак, шаар, станциаларга көп токтойбуз. Анткени темир жолду, граждандык поездерге улам жол бошотуп турабыз. Биздики военный эшоллон эсептелип, жай жүрөт. Чоңураак шаарларга жеткенде, бир же эки саат токтойт. Купеден “старщийлерине” сыртка чыгууга уруксат беришет. Суусундук, таттуу, консерва жана башка жеңил тамак аштыктарды сатып алабыз. Анткени чакырылган призывниктер; үч күндүк «проввизияны» өздөрү даярдашы керек...Жолго жеткендей да, акча салып алганбыз. Бирок поезд ичинен бир маал ыссык тамак берип жатышты. Тамактары поезд ичиндеги ашканасынан жасалат. Көбүнчө; каша, картошка, күрүч, бууга бышырылган балык, кою тамактар. Ар бирибизге котелок, кружка берилген, ар бир купеден кезек-кезеги менен дежур дайындалат. Ал тамак ташыйт, кайра бошогон идиштерди ашканага жеткирет. Идештерди тазалагандар, поварларга жардамга чегилгендер, прызывниктер арасынан дайындалат.Алардын көбүн бейбаш жасап “наряд” алгандар түзөт... Поездин ичи толук военный тартип менен башкарылат. Аскер адамдары көзөмөлдөйт. Тил албай, граждандык укугуңду талап кылып, “кыйын” болуп баш бербесең, тартипти сактабасаң, катыгыңды ошол замат беришет!...Анда сержанттар, “старик” солдаттар, жабалап, топ болуп жетип келе калышат... - Сен тигилерден акылдуусуңбу? "Кыйынымын" дейсиңби? Көөпкүң келсе, желиңди азыр эле чыгарып салабыз! Прызывниктердин баарын катарга тизишип, четинен сабап киришет, койдой тебеленип, тепки жейсиң."Тилиң узун болсо, кыскартып коёбуз, экинчи чыкпай калат?" Бир топ мазакташат. Кээсин эсин одара сабашып, башкаларга “жарнак” катары, канжалаткан боюнча, бөлөк вагондорго көргөзмө катары сүйрөп кетишет. Ошондо карап тургандардын үрөйү учуп, койдон жоош боло түшөт... Буга чейин мындайды кинодон гана көрүп келгениңди эстеп, эми жоонуң менен сезесиң! Кинодон көргөн концлагердеги камалгандардын жашоосу; көзүңө элестей түшөт. Офицерлер аны көрүп туруп, ооз ачышпайт. Көрмөксөн болушат. Кайра жоокерлеринин кылганын жакташып;”Армия өзүн- өзү тарбиялайт!” Дешет... Кээде андай жазалар аларга аз көрүнүп, токмок жегендерине карабай, дагы: “тартипти бузгандыгың үчүн” деген айып тагып, ”ашканага үч күн нарядка чегишет." Үч күндүк айыбыңды акташ үчүн, уйкуну унутуп, ашканадан түн бою картошка тазалап, идиш аяктарын жууп, азапты тартасың. Мына ушундан кийин, дымагыңды чыгарып көр! Вагондун босогосун аттаганда эле, андайларды көрүп; “армия” жөнүндө бат эле, бөлөк түшүнүк аласың. Ошондо аргазыс: “Каяка келгемин?” Кейийсиң? Ал кезде Армияга барганың түрмөгө кесилгениң менен барабар эле, айырмасы аз эле?... Армияга: “Атуулдук милдетиңди аткарайын болуп, өз ыктыярың менен эркиндигиңди чектегенине карабай барсаң! Түрмөгө; мыйзамды бузкандыгың үчүн күч менен отурасың".Бирок укук-тартиптери окшош эле болот... Эмне кыласың: ”Жигит эл четинде, жоо бетинде!” дегендей, эркектик милдетиңди чыдап аткарыш керек? Жоокердик милдетиңди өтөө, ал кезде өтө катаал сыноо эле. Үч жыл мөөнөтүн өтөшүп, армиядан кутулуп келгендерди көрүп, таң калычуубуз; анткени армияга чейинки “төркүнүнө” белгилүү тентек мүнөзү өчүп, кыялы өзгөрүлүп, кескин моомун болуп калышаар эле... Кыргызстандын чегинен чыкандан кийин, Казахстандын аягы түгөнбөгөн, мелтиреген боз адыр талаасы башталды. Алма-Ата шаарынан эки-үч вагон кошулуп, дагы эшолон катары узарды. Сырттан карасак, поездибиз “анаконда” чаар жыланындай сойлоп, кырктай вагон чырмалып, Ыраакы чыгышты карай чубалып баратыптырбыз... Күн төбөгө конуп, абасы кайнап, талаасында жандуу-жансыздар куйкаланып калгандай, жашылдар көрүнбөйт, жай айында эле, баары саргарган талаа... Вагон ичи “мончо”, аба үп тартып тумчуктурат. Демикенибизди айтпа! Купенин терезесин ачып, серүүн аба менен дем алайын десең; кайра сырттан ыссык жел уруп турат. Станцияларга токтогондо, түтүкчөрүнөн ичсең, ал да жылуу... Баардык вагондордо эркектер, белине чейин жыланачтанып алышкан. Ыссыктан шайың ооп, суусаган жөжөдөй ооздор ачылат. Айласыз чыдамай. Туалеттерге очередь, чекесинен инфекцияда жайыла баштады. Дары ичип кирдик. Ошентип ар бир өткөргөн күндөрүбүздү азап менен кечкиртип, казак талаасы түгөнбөйт?... Боз ээн талаада жайгашкан кыштак-станцияларда, поездибиз токтой калса эле; кайдан-жайдан келе калганын аңдабай калабыз... Жаман-жуман, кир көйнөкчөн ондогон казак аялдары, вагондун каалгасына сагаалашып калышат. Колдорунда баштык, же идиш. Ичинде Балхаштын жалбырактай; күрөң, катык, туздуу балыктары жана күнгө кургап кеткен жыгачтай катуу пирошкилерин, бизге жабыла сунушташат,”-Ой, борымдар! Жаңы балык, ыссык пирожки. асыр бысырмыс эти, алың гой, каралдым!”...Алардан тажап, жалкатой болуп, дүкөн көрүнсө, кире качмай. Дүкөндөрдөн консерва, нан-бөлкө, печенье, суусундук, тамеки алабыз. Антпесек поездеги бир маал тамакка чыдабайбыз. Үч суткадан кийин Россиянын территориясына кирдик. -Кудая тобо! Жаканы кармандык? Боз талаалар заматта бөлөк, жашыл табыятка алмашты. Токойлор, дарыялар, шиберлер... Жапжашыл жерлер! Аба да салкын тартып, бейишке киргенсип, эми сергий түштүк. Айлана-чөйрө өзгөрүп, терезени талашып, ага жабышып калыптырбыз! Алыстан; көк-жашыл токойлор, жашыл, сары аралашкан өсүмдүктөр, баары бийик өскөн чөптөр, нечендеген суу жылгалар, жолубузду көңүлдүү коштой баштады. Жери кара топурактуу, чөптөрү оттоп жүргөн кара-ала уйларынын курсактарына чейин жетет, көздүн жоосун алат! Бул Сибирь (Шибер) аталган жерлерди, байыркы замандарда, 2-14 кылымдар аралыгында биздин ата-бабаларыбыз туруктуу конуштап келишкен! Мына ушул Азиянын чок ортосу болгон жерде: Улуу Энисей Кыргыз Каганатын түптөшкөн. Аны эстеп, жүрөгүбүз жылып, өз жерибизде аралап жүргөндөй сезимге жолуктук!...Токойлору бир түрлүү узун тилкелей өсүп, бирде ийне жалбырактуу; сосна, кедр, токойлору жайкалса... Бир нече аралыктан кийин бутактары ак көйнөк кийинишкен, ачык-жашыл жоолук салынышкан, чоң жалбырактуу; кайың, лиственица токойлору уланат. Станциялары, кыштактары чоң, занкайышат... ”Бирдеме сатам!” болуп поездге жармашкан кишини эми көрбөйсүң... Кийингендери да түзүк... Магазиндеринде азык-түлүктүн түрлөрү арбын! Жол боюндагы шаарлары, кыштактары жышыраак келишет. Чоң шаарлары: Барнаул, Иркутск, Минусинск, Тайшет, Улан-Уде шаарларынын чекесин көрүп өтүп, жетер жерибизге жакындаган сайын, поездге чиркелген вагондору азая баштады. Призывниктер вагону менен эшаллондон ажыратылып, ошол шаарлардын аскер бөлүктөрүнө калып жатты. Байкал (Бай-Көл) көлүнүн түштүк жээги менен өттүк. Бул таң каларлык көлдө, дүйнөдө ичүүгө жарай турган суунун 20% ти сакталат экен! Жээгинен сууну карасак, биздин Сөң-Көлдөй тунук. Жээктеп бир топ жүрөт. Түпкөрүн байкасак, тереңиндеги таштары жалтырап, күндүн нуру жетип турган жерлери, чылк эле асылдар жаткандай нурданат! Чита шаарына аз калганда, сосна токойлору тосуп алды, баары бизди тигиле тиктешет; “и эми келдиңерби?” Чайыр жыттанган салкын жели жагымдуу буркурайт... Чита шаарына киргенде; үч вагон эле аскерлер калыптырбыз... Бир бөлүк ушул шаарга түштүк. Бул шаарда сержанттарды даярдоочу эки айлык мөөнөттөгү “учебкада” калдык... Бул бөлүктө жоокердик эң татаал турмушту баштан кечирдик... Тартип катуу, бөлүктүн ичинде жалгыз басып жүрүүгө болбойт! Жалгыз басууга туура келип калса, чуркап гана жөнөшүң керек. Тревогасы күнбү-түнбү болуп турат. Анысынын; “сынактык же согуштук?” болуп жатабы билбейсиң?... Ал учурда Кытай мамлекети менен кырдаал кооптуу болуп, согуштук жаңжал чыгып жаткан учур эле... Так мөнөөтүндө толук куралчан, белгиленген жерине убагында так жетип барышың керек; аралык бештен-он чакырымдай! Кечигип, же кемчилигин чыгып калса, гаупфахтага (ички аскердик түрмө) кесилет. Эгер “согуштук тревога” болуп калса, “Согуштук абал” боюнча, анда соттолосуң! Ошондуктан “ тревога” менен ойногон болбойт? Уландысы бар...

Комментарии 7

Сейитбек Токтобаев
Сейитбек Токтобаев
🎁
2 окт 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    🌹🌹🌹 Гулум
    🌹🌹🌹 Гулум
    🎁
    2 окт 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Алтынай Таникулова
    Алтынай Таникулова
    🎁
    2 окт 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Алтынай Таникулова
    Алтынай Таникулова
    🎁
    2 окт 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жыпар Омуралиева
    🎁
    5 окт 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Чолпонай Джунсалиева
    Чолпонай Джунсалиева
    🎁
    6 окт 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Cıldızgan Usupkanova
    Cıldızgan Usupkanova
    ❤️❤️❤️🎁
    6 окт 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Смотрите любимое новогоднее кино в ОК!
    Собрали лучшее для вас 🧡
    Выбрать фильм
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 001Фото 21 925Видео 1 630Участники 39 069
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 001
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться