Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

28 июл 2023

*"ТУРМУШТАН АЛЫНГАН ЧЫНЫГЫ ОКУЯ»

Бир кемпир өзүнүн окуясын төмөнкүчө баяндайт: Менин үч балам бар, үчөөсү тең үйлөнгөн. Күндөрдүн биринде эң чоң баламдын үйүнө бир түн түнөп келейин деп бардым. Таң эрте туруп келиниме багымдат намазына даарат алууга суу алып келип бер дедим. Сууну алып келди. Мен даарат алып намаз окуп бүткөндөн кийин, даараттан ашкан суудан өзүм жаткан төшөккө бир азын төгүп койдум. Келиним таңкы тамакты даярдап чай алып келди, мен ага: Кызым, каарылык жеткенде бардык эле адамдын абалы ушундай болуп калат, мен төшөккө заара кылып койдум - дедим. Ал дароо эле ачууланып жаман сөздөр менен мени жемелеп кирди, ошону менен эле тим болбостон төшөктү жууп кургатып коюңуз, антпесе..... деп мени коркуткан болду. Мен ачуумду жашырган адам болуп унчукпай төшөктү жууп кургатып койдум. Андан ары ортончу уулумдун үйүнө бардым, анын үйүндө да чоң баламдын үйүндө кылган ишимди кайталадым. Экинчи келиним да биринчисинен калышпай ачууланып тилдеп кирди. Келинимдин айткандарын балама айттым, бирок ал аялына ооз ачып зекип коё албады. Үчүнчү күн кенже уулумдун үйүнө барып анын үйүндө да эки агасынын үйүндө кылган ишти кайра кайталадым. Келиним таңкы тамакты даярдап дасторкон жайды, мен келиниме төшөккө заара кылып койгонумду айттым. Келиним: Эч нерсе эмес апа, жаш улгайганда баарында эле ушундай болот, биз деле наристе кезибизде сиздердин кийимиңиздерге заара кылып булгап койчубуз - деп төшөктү жууп тазалап койду. Мен келиниме: Кызым, бир таанышым бар, ал мага акча берип алтын жасалгаларды сатып келүүмдү суранды, бирок мен анын колунун ченин сурап албапмын, ал деле сендей эле келин болчу деп, келинин ченин сурап алып базарга бардым. Базардан алтын-күмүш тагынчактарды сатып алдым, кайра келип балдарымды келиндерим менен кошо үйгө чакырып, төшөккө заара кылбаганымды, жөн гана аларды сыноо үчүн суу төгүп койгонумду айттым. Андан кийин сатып келген алтындардын баарын кенже уулумдун келинчегине берип: Бул менин кызым, эми калган өмүрүмдү аны менен өткөрөм дедим. Эки чоң келиним бирде таң калса, бирде уялымыш болуп башын жерге салып өкүнүп калышты. Андан кийин эки чоң балама карап: Бул силер картайганда балдарыңардан кайта турган карыз, мен силерди наристе кезиңерден багып чоңойтконума өкүнгөн сыяктуу, силерге да өкүнүп кала турган күн келет, силер да ал күнгө даярдангыла дедим. Ал эми кенже уулум болсо бактылуу өмүр сүрөт жана Жараткандын ыраазылыгына жетет. Силер ал бактылуулуктан аялыңарга апаңарды кадырлап сыйлоо керек экендигин үйрөтпөгөндүгүңөрдүн себебинен куру калдыңар - деп айттым.
Окуя ушинтип аяктайт, бирок окуядан алына турган көптөгөн сабактар бар. Ар бир адам терең ой жүгүртүп, керектүү сабак алат деп ишенем. Ата-энени сыйлоо, аларды ыраазы кылуу Алланын ыраазылыгына жеткирет. Ата-энени тирүү кезинде сыйлайлы, дубаларын алып, жүздөрүнө күлкү тартуулайлы!!!

*"ТУРМУШТАН АЛЫНГАН ЧЫНЫГЫ ОКУЯ»   - 960297370453

Комментарии 11

ЛИДЕР КОМПАНИИ
ЛИДЕР КОМПАНИИ
Албетте карыганда балдарыбызга бала кылбасын кудай, бирок бизге дагы кичүү келининдей келиндерди туш кылсын 🤲
28 июл 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Aikanyw Ti
    Aikanyw Ti
    👍👍👍
    28 июл 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Шайлоо Исмаилова
    Шайлоо Исмаилова
    Акылдуу аял экен Кичуу келини ьарбия коргон кыз экен Аллахым биздин келиндерибиз дагы ушундай келин болушсун Жана баарыбызга ыйман бактылуу карылык тигил жайдын кабыр азабы Жана тозок отунан сактасын ,билип билбей жасаган куноолорубузду Аллахым кечирсин
    28 июл 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Nurzat 🌞
    Nurzat 🌞
    👍👍
    28 июл 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жаннат Дорбенова
    Жаннат Дорбенова
    🎁
    28 июл 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Билал Умаров
    Билал Умаров
    ❤️
    28 июл 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Акмарал Шерматова
    Акмарал Шерматова
    ❤️
    28 июл 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Аширкан Камбарова
    ❤️
    29 июл 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Дарика Муканбетова
    Дарика Муканбетова
    ❤️❤️
    29 июл 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ч Белекова
    Ч Белекова
    🎁
    30 июл 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Толгонай Зайнилова
    Толгонай Зайнилова
    Кудайым бизге да ушундай ыйманы ашып ташкан акыл эстуу Келин Насип этсе экен
    2 авг 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 107Фото 22 066Видео 1 630Участники 39 272
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 107
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться