Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

20 мар 2023

ЖАЙЛООДО ӨТКӨН АЛТЫН БАЛАЛЫКТАН

БИР ҮЗҮМ...
Күн бүркөө эле... Эжем экөөбүз булактан суу алып келип, анан токойго отундук чегедек чогултканга жөнөдүк. Энем бээ саамга чейин келгиле! - деди.
Жайдын жамгырын майрамдай сезген эжем экөөбүз Босого жайлоосундагы токойунун арасында чегедек чогултпай эле, тоо бетин бербей өскөн ушу сары гүлдөрдү терип жаттык. Терген сайын түгөнбөйт! Жыты азыркыга чейин эсимде, көңүлдү көккө жеткизет... Жамгырдын шүүдүрүму менен ого беш бетер жыттуу, ого беш бетер сулуу көрүнүп, кубангандан күлкүбүз таш жарат... Эхх, бала чак!!! Ошо көз ирмем кайрылып келсе кана!!!
Гүл терип атып, сонунубуз да таркады.
Гүлдүү тоонун кырында эки жакты карап олтуруп калдык... Жылгадан аккан шаркырап аккан суу... Суу алганы чыккан кошуна жеңем суйсалып кызыл гүлдөн бетер бурала басып ары-бери өткөн жолоочулардын көз жоосун алат
-Аа, кокуй, арман дүйнө! -дечу эле, тайэжем:- Ушундай, сулуунун да, жаштыгы өтүп кетет, ээ?!. Көрсө, учурунда тайэжем да, жамман сулуу болуптур!!! Өзү айтып берсе, тим эле жомоктогудай... Согончокко жеткен эки өрүм кундуздай олоң чачы, аркар көзү, комуздай кырдаач мурду, аппак жүзүнө эндик сүйкөнүп алып басканда, айыл-апанын аягынан башына чейин, ушак сөз желдей сызчу экен.. -Ооууй!. Усубакундун Айке деген чырайлуу кызы толукшуган Айдан да сулуу! - дешип, шыпшынышып, атаң көөрү!!! Келбеген жерден жуучу түшүп, ат тезегин кургатпай... күнүгө конок кетчү эмес экен, үйүнөн Тогуздап мал айдатканы дагы өзүнчө, кымыңдашып, эртелеп эле көз кысып...😘😍
Аңгыча, атамдын бизди чакырган, катуу үнү чыкты!
Баамымда, бээ саам болуп калган го?!.
Эжем экөөбүз болсо, жаратылыштын айтып бүткүс сулуулугу, гүлдөрдүн жан дүйнөнү магдыраткан аңкыган жыпар жыты, жайдын дыбырап жааган мезгилди токтотуп койгондой - жамгыры, анан тээ ылдыйда суу алганы чыккан суп-сулуу кошуна жеңебиздин кер маралдай басканы, бактылуу балалыктын алтын бешигинде термелгендей, түнкүсүн түндүгүндө сыйкырлуу алтын-кумуш жылдыздар менен сүйлөшүп жаткан кайталангыс куракты,
тоонун шамалы гүл таажысындагы шүүдүрүмдү күбүгөндөй, күбүдү!
Селт этип чоочуп кетип, өзүбүзгө келе түштүк! Чегедек чогултканды кой, көр оокатты унутуп, балалыктын эсте каларлык элестерине байланып калганыбызды көр!
Иий, азыр энем урушшат!!! Аңкыган жыпар жыттуу сулуу гүлдөрдү топ, топ эткизе шүүдүрүмдүү шиберге ыргыттык да, аркы чегедеги көп токойго кирип бышылдап ар кайсы жерден чегедек чогулта баштадык...
Жыргалыбыз, балалыктын бактылуу бал ширин учуру бат эле жылас болгондой келемиш чычкандай ары-бери чуркаймын!
Ошондогу тоо бетин бербей өскөн сулуу гүлдөр, Асан-Үсөн, куурчактай сулуу жеңем
боз үйдө кымыз жыттанган энем, камчы өрүп, ээр чабып, узанган атакем... Баарысы, баарысы азыр жок... Сулуу гүлдөр- соолуган, сулуу жеңем - кемпир болгон,
Асан-Үсөндун дайны жок эчаак өңү өчкөн,
Алтын чамгарактай атам менен энекем аркы дүйнөнүн түндүгүнүн алдында...😥😥
Мен болсо, диванда көз айнек тагынып алып чыгармадан чыгарма жазып, бүкчүйгөн бир жүдөгөн, түйшүк баскан жазуучу өңдөндум да калдым...
Кош, алтын курак- бала чагым...
Рахат Асаналиева. Жол-Колот айылы
18-март 2023-ж

ЖАЙЛООДО  ӨТКӨН АЛТЫН БАЛАЛЫКТАН          - 953251128405

Комментарии 2

ТУРДАЙЫМ Баястанова
ТУРДАЙЫМ Баястанова
Омур ушундай нерсе экен да,
Баарын сагынтып,сагындырып,кубантып,кайгыртып отуп кете берет экен....
20 мар 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Дарика Муканбетова
    Дарика Муканбетова
    🎁
    20 мар 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Народное голосование
    Какой будет иконка приложения ОК — решаете вы!
    Выбрать
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 868Фото 23 000Видео 1 633Участники 40 526
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 868
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться