Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

25 фев 2023

Бул намаздын сообу абдан чоң.

Ал адам баласына бул жашоодо жана тиги дүйнөдө да береке алып келет. Медицина тармагынынын изилдөөчүлөрү ал намаздын ден соолукка өтө чоң пайдасы бар экенин айтышат. Сөз тахажжуд намазы тууралуу болууда.
null
Нафил (кошумча) намаздардын катарында сообу абдан чоң болгон тахажжуд намазы да бар.
Бирок бул намаз пайгамбарыбыз Мухаммедге (Алланын ага салам-салаваттары болсун) парз кылынган.
Буга Куран аяттары далил. “Исра” сүрөсүнүн 79-аятында:
«(Эй, Мухаммад!) Түндүн бир оокумунда ойгонуп, өзүңө гана таандык болгон кошумча ибадат катары Куран менен намаз оку».
«(Эй Мухаммад) Чындыгында сени жана сени менен бирге кээ бир адамдардын түндүн үчтөн эки бөлүгүнүн азыраагында же жарымында же үчтөн бир бөлүгүндө туруп намаз окуп өткөрөрүн сенин Эгең билип турат» (Музаммил 20).
Кайсы маалда окулат?
Түн жарымынан баштап, саарлык маалына чейин. Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) адатта тахажжуд намазын уктап турган соң түндүн жарымында, же түндүн акыркы бөлүгүндө (үчтөн бир бөлүгүндө) окуган.
Канча рекет окулат?
Тахажжуд намазы эки рекеттен сегиз рекетке чейин окулат. Ар эки рекетте бир салам берилип окулганы жакшы. Ниет коердо: «Тахажжуд намазынын (2,4,6,8) рекетин окууга ниет кылдым» деп айтуу зарыл.
Тахажжуд намазынын сооптору:
Жараткан Аллах Таала Ыйык Куран аяттарында түнкү намаздарга тургандар жөнүндө атайылап токтолот:
«Алардын капталдары төшөктөрүнөн көтөрүлүп турат да, өздөрүнүн Эгесине коркуу, үмүт менен жалынышат...» (Сажда 16).
«Алар түн ичинде бир аз убакыт гана укташкан. Таң эрте менен Алладан кечирим сурашкан». (Зарият 17-18)
Пайгамбарыбыз САВ мындай деген: «Түнкү намазды дайыма окугула. Анткени, түнкү намазды окуу силерден мурун өткөн жакшылардын адаты, Жараткан Эгеңерге багынуунун белгиси. Жамандыктарды жаап, күнөө жасоодон сактайт»(Тирмизи, Даават, 101).
Дагы бир хадисте: «Парз намаздардан кийин эң сонун намаз - түнкү намаз» деп айткан. (Муслим, Сыям 202)
Аллахтын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) тахажжуд намазы жөнүндө мындай деген:
"Силер тахажжуд намазына көп көңүл бургула, анткени, тахажжуд намазы силерден мурунку өткөн коомдогу (салих) жакшы адамдардын Аллага жакындатуучу, жамандыктан алыстатуучу, күнөөлөрдөн кайтаруучу, денеден ооруну айдоочу(кетирүүчү) жана дилди тазалоочу "куралы" болгон" (Ахмад жана Тирмизий).
Тахажжуд намазына жеңил ойгонуунун жолдору:
Абу Хамид ал-Газзалий тахажжуд намаздарды жеңилдетүүчү, ички жана тышкы себептерди айтып өткөн.
Тышкы себептер:
1. Көп жеп, көп ичпөө. Анткени, көп тамактанган адамды уйку басып, тахажжудга туруу кыйын болуп калат.
2. Күндүзү пайдасыз иштер менен өзүн чарчатып койбоо.
3. Күндүзү бир аз уктап, дем алуу. Мындай кылуу түн ортосунда ойгонууга жардам берет.
4. Күндүзү күнөө иштерди жасабоо. Себеби күнөө иштер түндөлөрү туруудан куру калтырып коет.
Ички себептер:
5. Жүрөктү мусулмандарды жек көрүүчүлүктөн саламат кармап, динге жаңылык иштерди киргизүүдөн жана дүйнөгө ашыкча көңүл коюудан сактануу.
6. Аллахтан дайыма коркуп, арзуу-үмүттү азыраак кылуу.
7. Тахажжуддун пазилетин билүү.
8. Себептердин эң күчтүүсү, Аллахты сүйүү жана түнкү намазда ар бир айтып жаткан тамгасы менен Аллага кайрылып жаткандыгына катуу ишенүү.
9. Ошондой эле, ислам аалымдарынын бири айткан бул сөздөр бизди тахажжуд намазына туруубузга шыктандырат: "Кайсы үйдө түн ичинде тахажжуд намазы окулса, анда ал үйдө бир нур пайда болот. Ал нурду периштелер көрөт. Биз асманга жылдыздардын нурун көрүү үчүн караган сыяктуу, периштелер да намаз окулган үйдөгү жарык нурду көрүү үчүн жерге карашат. Андан да таң калыштуусу күн сайын сенин үйүңдөн жарык нурду көрүп турган периште күндөрдүн биринде ошол нурду көрбөй калса, сен жөнүндө сурайт. Анткени ал сенин үйүңдөн дайыма жаркырап чыгып турган нурду ошол түнү көрбөй калган болот. Ал периштеге сенин ооруп калгандыгың же бир мүшкүл ишке кабылгандыгың тууралуу кабар жеткирилет. Сенин кабарыңды уккан периште дароо сага шыпаа тилеп, мүшкүлүңдүн жеңил болуусун сурап, сенин муктаждыгыңа жараша дуба кылат. Анткени, ал үйүңдөгү намаздын себебинен жаркырап турган нурду кайра көргүсү келет.
10. Куттуу Пайгамбарыбыздан (Алланын ага салам-салаваттары болсун) үлгү алуу. Анткени ал бул намазды ооруп жаткан кезде да калтырган эмес. Отуруп алып окуган. (Абу Давуд, Татавву,18).
11. Кечинде жатар алдында тиешелүү аяттарды окуп, зикир чалып, тахажжуд намазына ойгонууга ниет коюп жатуу да абдан маанилүү. Колдон келишинче даарат менен уктоо.
12. Тахажжуд намазы ден соолукка өтө пайдалуу экенин билүү.
Медицина илимдеринин доктору Магомед Магомедовдун ислам сайттарынын бирине жазган макаласында инфаркт ооруларын тахажжуд намазына туруу менен алдын алса болот. Түн жарымында адамдын денеси, андагы бардык органдар бошоп, жай гана гана иштеп калышат. Нормалдуу жана патологиялык физиологиянын көз карашында бул убак адамдын организми үчүн коркунучтуу болушу мүмкүн. Анткени анда булчуңдар бошоп, организмде кандын жүрүшү жайлагандыктан, тромбдор уюп, кан тамырлардын ички бетин май басып калуу ыктымалдуулугу толук мүмкүн. Мындай учурда жүрөк өзүнүн органдык тапшырмасын өтө кыйынчылык менен аткарат. Жогорудагы абал өзгөчө кыймылы аз, жаш курагы 30-35терден ашкан адамдарга тийиштүү. Ушундай кезде түн жарымында ойгонуп, даарат алып, намаз окуу, организмди ойготуп, кан айлануу системасын жөнгө салат. Демек, бул амалды Аллах Таала пенденин пайдасына айландырып койгон.
Аллах Таала баарыбызды тахажжуд намазын окугандардан кылсын!
Даярдаган Исхак Мамасалиев.

Бул намаздын сообу абдан чоң. - 952043604565
АЯЛДЫН БАТАСЫ Шайтан зээриккенинен көпүрөнүн жанына келип азыр ким көпүрөдөн өтсө аны сууга түртүп бир аз көңүлүмдү ачайын деп ойлонот. Ойлонуп бүткүчө эле орто жаштагы эркек көпүрөгө келип калат. Мына-мына көңүлүмдү ачайын, сууга түртүп жыргайын десе эле ал адамдын жанына жолой албай коёт. Миң аракет кылса дагы шайдандын ойу ишке ашпайт, себеби ал адамга эртең менен жумушка кетээрде аялы "бүгүнкү күнүң ийгиликтүү болсун, Кудайым жолуңду ачык кылсын" деп бата берип узаткан болот. Шайтан үмүтүн үзбөй башка адамдарды күтөт. Бир маалда студент бала көрүнөт, ал көпүрөнүн ортосуна келгенде түртөйүн дейт. Дагы эле адамдын жанына жолой албайт. Көрүнбөгөн дубал шайтанды тосуп калат. Ал көрүнбөгөн дубал энесинин эртең менен берген батасы болот. Энеси алыс, башка жакта жашаса да батасы ушундай күчкө ээ болот, бардык кырсыктан баласын коргой алат. Шайтандын үмүтү үзүлүп, бүгүн менин күнүм эмес экен, үйүмө кете берейин десе көпүрөгө карыя келе жаткан болот. Бул абышкага ким бата бермек эле, алы деле жок, азыр жолум болот деп колун сүйүнгөнүнөн ушалап баштайт. Абышканы түртө салайын десе эле, дагы көрүнбөгөн дубал тосуп калат. Көрсө карыяга кызы күндө батасын берип, өмүрүн тилеп, Кудайга жалынып турган болот. Эркек үй-бүлөсүн күчү менен сактайт, аял - батасы менен коргойт. Аялдын батасы аралыкты билбейт, алыскы континентке чейин жете алат. Жада калса эненин батасы баласынын 7 тукумуна чейин тиет. Эненин батасы небере, чөбөрө, кыбыраны да коргой алат. (белгисиз автордон) Ак бата берип, балдарын, жолдошун босогондон узатып, жылмайып кайра ыйык төрдөн, дасторкон жайнатып жакшы сөз менен тосуп алган ажарлуу аял заты аман болушсун! Бата менен эл көгөрөт!

Комментарии 43

Елизавета Семенова
Елизавета Семенова
Познакомлюсь с парнем восточной внешности из Москвы! Пишите.
10 мар 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Дарика Муканбетова
    Дарика Муканбетова
    ❤️❤️
    12 мар 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулзада Сариева
    Гулзада Сариева
    15 мар 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Кайриниса Жумаева
    Кайриниса Жумаева
    👍👍👍👍🤲🤲🤲🤲🤲❤️
    15 мар 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Karligach Chymakeeva
    Karligach Chymakeeva
    🤲🤲🤲🤲
    18 мар 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Aсыл Казиева
    Aсыл Казиева
    ❤️❤️❤️
    19 мар 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Руслан 🫀
    Баарына салам атым Руслан уйлонуу максатында таанышкым келет жашым 28 де Москвада эмгектенебиз 89801879945
    4 апр 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ивадаткан Муратова
    Ивадаткан Муратова
    🤲🤲🤲🤲🤲
    13 апр 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    БУРУШ ТУРАРБЕКОВНА
    ❤️
    17 апр 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Эламан Мамыров
    Эламан Мамыров
    17 апр 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Эламан Мамыров
    Эламан Мамыров
    17 апр 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    жыпара калдарбек кызы замужем
    жыпара калдарбек кызы замужем
    🤲🙏
    19 апр 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гульзина Насирдинова
    Гульзина Насирдинова
    🤲🤲🤲
    25 апр 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айшахан Карим ахунова
    😳
    8 мая 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айшахан Карим ахунова
    😳
    8 мая 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айшахан Карим ахунова
    🎁
    8 мая 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    медербек алашанов
    медербек алашанов
    ❤️
    4 июн 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Аниса Халилова
    🎁
    6 июн 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ss2012 ss2012
    😳
    8 июн 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Дарика Муканбетова
    Дарика Муканбетова
    ❤️❤️
    19 июн 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 915Фото 23 049Видео 1 633Участники 40 641
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 915
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться