Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

19 фев 2023

Өлкөнүн келечеги деп көкүрөктү эзген кыял ишке ашты - эл-жерибиздин түбөлүк ынтымагы үчүн мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургуздум.

Азыркы ааламдашуу маалында ички стабилдүүлүккө, улуттук ынтымакка умтулган өлкөлөр гана өнүгүү жолуна түшүп, кубаттуу мамлекеттерге айланган учур. Тээ учурунда улуу дөөлөттөрдү жараткан, Евразия мейкиндигин ээлеп жаткан байыркы кыргыз эли азыр кандай абалда? Ынтымак жоктуктун, бийлик талашмайдын айынан илгерки империябызды жоготуп, Орто Азиянын бир кычыгында калып бараткандайбыз. Ооба, көз карандысыз өлкө деп жар салганыбыз менен өнүгүү жолубуз эмне кечеңдеп келет? Мындай соболдорду кое берсек, биринин артынан бири суроо жарала берчүдөй...
Азыр бизде түндүк-түштүк болуп, жети дубан өз-өзүнчө бөлүнүп, ар кимиси өз көмөчүнө күл тарта бергени аз келгенсип, улам бир президенттин жактоочулары болуп, калдайган кыргыз калкы жетиге бөлүнүп турган учур, тилекке каршы.
Бирок, баарыбыз үчүн ыйык Кыргызстандын түбөлүктүү келечегин ойлой турган болсок, биз "Акаевчи", "Бакиевчи", "Атамбаевчи" «Отунбаевачы» «Жээнбековчу» «доконцачы» жана башка "чылар" дегенди жоюп, баарынын башын бириктирүү менен (лидерлерди бириктирмейин тарапташтар бирикпейт) жамы кыргыз журтунун эртеңки келечегин ойлогонубуз туура!
Боюбузга сиңип бараткан мындай арсыз сапаттарды ары калчап, бери калчап олтуруп, ошол башында эл шайлаган, аягы кейиштүү бүткөн президенттердин башын бириктерсем, балким бир муштумга түйүлгөн ынтымактуу журт болот белек деген ой көптөн бери көкүрөгүмдү эзип келет эле. Акыры тубү элибиздин "султан сөөгүн кордобойт" деген таасын кеби бар эмеспи!
Көөдөнгө тынчтык бербеген асыл ойду акыры ишке ашырууга бел байлап, соңку тарыхыбызда журт башына келген президенттердин башын бириктирип, бир ортого чогулттум. Кыргыз наркын жасап, алдыларына аш тарттым. Уй муйуз тарта олтура улут келечеги үчүн мурдагы журт башчылары өткөндөрүн сууга салышып, бир муштумга биригүү демилгемди колдоп беришти.
Албетте, биринин артынан бири келген мурдакы өлкө башчылары ачуу кептерди айтышты. Көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүштү. Кетирген кемчиликтерин моюндарына алышты. Эң башкысы, алар бири-бирин кечире билишти. Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым - ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле.
Ооба, жалпы элибиздин көзү менен караганда, алардын ар биринин жүргүзгөн саясатында алешемдиктер кетип, арты кайгылуу окуялар менен коштолуп, кан төгүүлөр да болуп кетти. Акаев учурундагы Аксы окуясы, Бакиевдин учурундагы Апрель окуясы, Убактылуу Өкмөт учурундагы Июнь каргашасы, Жээнбеков учурундагы Октябрь окуясы, андагы Үмүт аттуу жайнап турган жапжаш жигиттин каза болгондугу, тилекке каршы, кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды. Ошентип, канчалаган кырчындай болгон кыргыз жаштарынан - уулдарыбыздан айрылдык. Алардын жакындары менен туугандарынын нааразычылыктарын сезип турам.
Урматтуу мекендештер, кадырлуу калайык-журт!
Ата-бабалар наркына да карасак, «атанды олтургонго эненди алып бер» дейт. Мусулманчылык жосунуна да карасак, кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин көрөбүз. Кечиримдүү бололу, сабыр күтүп, алга сапарыбызды улайлы. Эгемендигибизди, көз карандысыздыгыбызды бекемдейли, өнүгүүгө бардык мүмкүнчүлүгү болгон Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү десек, өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салалы. Ар бир кыргызстандык бириккиле! «Бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып», алдыга карай бет алалы! 5-10 жылдык жеке кызыкчылыктарыбызды ойлобостон, кыргызстандын туболук кызыкчылыгын ойлонолу.
Мага чейинки журт башчыларынын ар бирине карата эч кандай жеке кызыкчылыгым да, жеке кусаматым да жок, милдеттүү дагы эмесмин!
Муну да баса белгилеп айтып коюум керек.

Өлкөнүн келечеги деп көкүрөктү эзген кыял ишке ашты - эл-жерибиздин түбөлүк ынтымагы үчүн мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургуздум. - 951711529557

Комментарии 18

Каным Апа
Каным Апа
Кудай жалгасын сени Садыр уулум сенин кылган иштеринди тушунгон адам тушунот эң бир алгылыктуу иштерди кылып атасын кыргыз эли учун Аллах ыраазы болсун көп жылдар эл башкарган Кыргыздын ханы бол Элим дуркуроп осуп онсун
19 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Нурлан Абдилазизович
    Нурлан Абдилазизович
    ответил Каныму
    Оомиин 😍
    19 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Диларам Анарбаева
    Диларам Анарбаева
    Садырга Аллахым Ден соолук Узун омур берсин .иштерине ийгилик болсун.Кыргстандын туболуктук призденти бол.
    19 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    😘😘😘💝 🌹🌹🌹
    😘😘😘💝 🌹🌹🌹
    Супер!
    19 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айна Мамытбекова
    Аллахым Сен Кадыр заттсын, Аллахым Сен Мээримдуусун, Аллахым озун колодой кор Садыр Жапаровду.бутун кыргызтан биригип ынтымактуу болушса экен,ушуну окуп алып ыйладым коздорумон жаш токтобой.Аминь Аллахым кабыл кылсын
    19 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Марзия Темирова
    Сиз мн сыймыктанабыз
    19 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Нурмира Ысакова
    Нурмира Ысакова
    🤲🤲🤲👍👍👍💪💪💪
    19 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Нурмира Ысакова
    Нурмира Ысакова
    19 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Бермет Шаршембиева
    Оомийин олкобуз байып алдыга Садыр Нургожоевич менен бирге баралы
    20 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Hуrlнтс Bоу
    Hуrlнтс Bоу
    Акаша, Аташа, Бакаша, Отунбаша, Сокеша, Жапаша
    21 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Альхамдулиллях Альхамдулиллях
    Альхамдулиллях Альхамдулиллях
    Аллахым Ыраазы Болсун биздин молодец президент
    22 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Nur 👑👑👑
    Nur 👑👑👑
    23 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    малина макамова
    малина макамова
    24 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Арзигул Тагаймурадова
    Арзигул Тагаймурадова
    Азаматсыз !Садыр Жапаровду аллахым озу бизге жиберди.Аллахым колдоп кыргызстанды онугуп оскон олколордун катарына кошуунузга аллахым озу сизге жардам берсин🤲Мындай иш ар бир адамдын эле колунан келе бербейт азаматсыз👍👍👍
    25 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Welcome 🌹ALDASHEVNA
    Welcome 🌹ALDASHEVNA
    🤲🤲🤲🤲👍
    26 фев 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    А З
    🤲🤲🤲
    7 мар 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    А З
    Садыр ава или байке
    7 мар 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 28 367Фото 23 606Видео 1 636Участники 41 194
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 28 367
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться