- Буларды карындашыӊа бурулуп таштай кет! - деп, апам бир баштыкты колума карматты. Барбастын айласын издеп, бир нерсе деп шылтоо айткым келди. Бирок, апамдын «моюн толгобо» дегенсип жалдырай караган көз карашы ооз ачырбады. Анын айтканын эки кыла албай, моюнунан байлаган иттей шылкыйып баштыкты алып жолго түштүм. Чынын айтсам, карындашым турмушка узагандан бери анын үйүнө бүгүн биринчи жолу бара жатам. Кайын-журту менен чогуу тургандыгынанбы, же көр тирилик деп кол бошобогондонбу, же жөн эле кайдыгерликпи, айтор, бир тууган карындашымдан кабар албаганыма огеле көп болуптур.
Апам мени барат деп кабарлап койгон экен. Эшигин кагаар замат карындашым чуркап чыкты. Чебелектеп, колумдан өөп, кубанганынан көзүнө жаш айланып, өзүнчө эле бакытка батып алды. Мен ага анча деле маани бербедим. Баштыкты берип кайтайын десем, өзү көтөрө алчудай эмес, айла жок үйгө чейин алып кирдим. Терисине батпай сүйүнүп алган карындашым, алдынан ким чыкса:
- Байкем келди, буларды байкем алып келди, - деп сүйүнчүлөп жатты.
- Сиздин байкеӊизди биринчи жолу көрүп жатам, эмнеге сизге келбейт? – деп, али тартынуу дегенди түшүнө элек кайын сиӊдиси суроо узатты.
- Байкемдин иши көп, - деп, карындашым бир азга оӊтойсузданды да, сөзүн улап: -күндүзү кечке жумушта, кечинде үй жумушу, эки жакка чыкканга чолосу тийбейт, - деди. Ал муну кандай максатта айтты билбейм бирок, менин үстүмө бирөө муздак суу куюп жибергендей денем дүр дей түштү. Достор менен, классташтар менен ар кайсы чайканада убакытты кантип өткөрөрүн билбей жүргөн агасын актап-жактап жаткан карындашыма ичим жылып, анын алдында өзүмдү айыптуу сездим. Ары-бери өткөндө бир кайрылып, ал-абалын сурап койсом өлмөк белем дедим ичимден кейип. Оӊтойсузданып, эми чыгайын деп жөнөп калдым.
- Жок дегенде бир чыны чай ичип кетпейсизби, тамакка баары бир отурбайсыз, - деп, карындашым куду мен качып чыгып кете тургандай жолумду торой калды. Көздөрү жашка толуп калыптыр. Кандай отуруп калганымды да билбей калдым. Мени өмүрү эч ким мынчалык зарыгып чайга чакырган эмес эле. Анын жашка толгон кусалуу көзүнөн: «Мен сиздин бир тууганыӊызмын го, сиздин байпагыӊызды жууп, шымыӊызды үтүктөп, тамагыӊызды даярдайт элем го! Эми мен бейтааныш үйдө, тааныбаган адамдардын арасында сиздин карааныӊызга зар болуп жашап жатканымда бир көрүнүп кайра кетип каласызбы!? Же мени көрүү үчүн эмес, ушул буюмдарды жеткирүү үчүн эле келдиӊиз беле? Сиз мени эстебегениӊиз менен, мен, сиз мени ойноткон, мени күлдүргөн, мени ыйлаткан, мени коркуткан балалык күндөрүмдү унута элекмин. Жок дегенде менин маӊдайымда отуруп бир чыны чай ичиӊизчи, мен ошол күндөрүмдү дагы бир эстеп алайын! деген жазууну танбай окудум.
Күйөөсүнө телефон чалып, бүгүн кечигип калдыӊыз го, тынчылык элеби, баса, менин байкем келди эле… деп, эптеп шылтоолоп менин келгенимди сүйүнчүлөдү. Жаш баладай толкунданып сүйүнчүлөдү. Анын кубанычы ушунчалык эле, мен эми ал сыртка чуркап чыгып кошуналарына да сүйүнчүлөй баштайт го деп ойлоп калдым.
Карындашымдын абалын карап туруп, өзүмдүн ушунчалык мерез, таш жүрөк болуп калганымды сездим. Мен анны эсимден чыгарып койгонум менен, ал мени жүрөгүнүн түбүнө сактаптыр. Чыныдагы чайымдын акыркы ууртамын уурттаарым менен чыныны жерге тийгизбей колумдан илип алып, чай куюп сунуп, мен ичкен сайын өзү ичкендей ырахаттанып, ичсе экен, жесе экен деп жалдыраганын көргөн сайын, ичкеним ирим, жегеним желим болуп ичимден өзүмдү жемелеп отурдум.
Чай бүтүп, сыртка чыктык. Машинанын жанына чейин узатып келип:
- Дагы келип туруӊузчу, дагы качан келесиз, ары-бери өткөндө бурулуп турсаӊыз…? – деп, жалооруй карап, узатып кала берди. Машина улам узап, күзгүдөн анын сербейген карааны эле көрүнүп турду. Карааны араӊ көрүнгөнү менен, анын азыр көз жашы куюлуп, анысын кайын-журтуна көрсөтпөйүн деп жеӊи менен сүртүп жатканканын жүрөгүмдүн «көзү» менен көрүп турдум. Машинанын рулуна «тып» этип жаш тамды.
Бул, бир туугандын кадырын билбеген акмак, айрыкча кыз бир тууганды тууган катары санабаган таш жүрөк, мерез адамдын бир тууган карындашын аяп, элжиреп жибиген жүрөгүнүн буйругу менен анын көзүнөн биринчи жолу чыгып жаткан жашы эле…
Кимдин турмушка чыккан эже-карындаштары болсо, бат-бат кабар алып турсун. Сен аларды эстебегениӊ менен алар сени жүрөгүнө бекем сактайт!!!
Абдишүкүр ажы Нарматов


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 19
Аябай бизге пайдалуу нерсе экен экен.Аллахым сизден ыраазы болсун.