
Бир кишинин аялы аябай илээнди, жүдөө экен. Дайыма үйү жыйналбай чачылып, кирлери жуулбай үйүлүп турчу экен. Бир күнү аялы мончого кетиптир, үйдө калган күйөөсү:
"Урматтуу Какиш, атаганат, биз да сага окшоп жуунуп, тазалансак жакшы болоор эле. Качан далыбызды жышып, бутубуздун кычысын кетирип берээр экен деп көптөн бери күтүп жүрөбүз. Башкалардын үйүнө конокко барганда түрүбүздөн уялабыз. Бизди дагы жок дегенде бир айда бир киринтип турчу. Сени урматтап сервант байкең, идиш-аяк эжелериң, кастрюль-казан синдилериң"-деп аялына кат жазып почтага салыптыр.
Бир жумадан кийин аял кошуналары менен сыртта отурса, уулу сүйүнчүлөп, Апа сага кат келиптир дейт.
Кана окучу? Кат окулуп бүткүчө аял эмне дээрин билбей, иий, ушуга колум тийбей жүрдү эле деп кызарып-татарып үйүнө киргиче шашыптыр. Ошондон кийин аял оңолгон экен. Азыркы күнгө чейин айылда кеп калыптыр, баягы Калбүбүгө окшоп кат келе электе жыйнаштыралык деп..
Жалкоолук бул шайтандын адамга колдоно турган эң чоң куралы!-дейт эл ичинде...
А......✍️

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 27