
3-БОЛУМ.
Көзүм илинип кетиптир. Түшүмдө чоң дарыянын ортосунда кичинекей таштын үстүндө турам. Бир өйүздө Мезгил кол булгалап, ал да бир нерсе деп кыйкыргандай. Бирок суунун күрпүлдөгөн шарынан эч нерсе угулбай калды. Экинчи өйүздө апам айткан Кайрат деген бала, бирок аны менен тааныш болбогонго анын элеси бүдөмүк. Мезгилге батыраак жетип, “Неге келбедиң?” деп сураганга ашыгып бурула бергенимде таштан тайып кеттим. Суу ушунчалык терең экен, чөгүп бараттым...
– Алия, Алия...
Апам келип ойготуп жибергени жакшы болду.
– Таңдан бери наар ала элексиң, жүрү чай ичели.
Эртең менен апамдын бетиндеги көк аланы байкаган эмесмин. Көрүп алып чочуп кеттим.
– Дагы урдубу?
Атамдын кол көтөрүп сабаганын такыр түшүнө албай келем. Биз кичине кезде өтө билинчү эмес. Чоңойгон сайын апамды аяп, атама далай ирет айтууга аракет кылганым менен, апам экөөнүн мамилесине кийлигишүүмдү каалабайт. Ар убак атамды актап турганы турган.
– Балдардын жакшы жагы болсо өзүн тартат, өзү тарбиялаган балдар. Жаза тайып сөз укпай жаман болсо, мен тарбиялаган кыз-уул. Кеп жок. Атаңдын бул адаты өлсө көрүнө кошо жатканы калды го... Жебей жүргөн токмок беле? Бышып деле бүтпөдүмбү. Менден кам санаба, жүрү тура кой.
Демек, "сенин тарбиялаган кызың" деп атам апамды кыжалат кылса керек.
– Бара бериңиз, апа, артыңыздан барып калам.
Кызык, Мезгилим, ушу тапта эмнени ойлоп жаттың экен? Кантип эле мени бушайманга салып коюп же бир чалып дайнын билдиргенге жарабай, кайдигер басып жүрөт? Же адамдан баарын күтсө болобу? Баш аламан суроолор канчага чейин созулмак, апамдын кайталап ашканага чакыруусу болбосо...
Ашканада апам астына киши салдырбайт. Азыр да булоолонтуп аш басыптыр. Сүттөлгөн чайынан куюп, муздаткычтын үстүндө турган телефонумду алып акырын алдыма жылдырып койду.
– Эртең менен атаңа келген жинимди сенден чыгарып, телефонуңду да алып койгом.
– Сиз чыгарыңыз менен Мезгилге чалайын деп таппай калбадымбы...
Шашкалактап чөнтөк телефонумду карасам, эч ким чалбаптыр. Мүмкүн, апам баарын өчүрүп койдубу деген шектенүү менен Мезгилдин номерин тердим. Оператор кыздын жадатма үнү кайрадан жаңырды.
– Кызым, бүгүнкү күн менен жашоо бүтүп калбайт. Утурумдук нерсеге азгырылбай, баарын акыл менен калчап иш кылганга жаштайыңдан үйрөнгөнүң жакшы. Мезгилиңдин чалышын сен эле эмес, таңдан бери мен деле күттүм. Телефонуң жымжырт. Мезгил менен болгон байланышыңды үзүп эле койгонуң оң. Биздин сөзүбүздү угуп, Кайратка турмушка чыксаң, жаңылбайсың, кызым.
– Биз бири-бирибизди жактырабызбы, сүйөбүзбү, сиздерди кызыктырбайбы? Макул үйлөндүк... Андан ары жашоону кантип алып кетем?
– Үй-бүлөдө эркектин сүйүүсү гана жетиштүү. Кайрат сени сыртыңдан билет экен. Бара-бара сүйүп кетесиң.
– Апа, жок дегенде сиз менин сезимимди түшүнүп коюңузчу, суранам!
– Болгондо да атаңдын айтканынан кайтпаган мүнөзүн сен тартып калгансыңбы деп турам.
Апам мени жай сөз менен ийге келтирем деп турса керек. Баарын жайынча түшүндүрүп кирди. А менин эс-дартым Мезгилде болуп, апамдын айткандары кулагымдын сыртынан кетип жатты. Чай ичип бүткөндөн кийин апам базарга барып азык-түлүк алып келип берүүмдү суранды.
– Атам эч жакка чыгарба деди деп камап жатпадыңыз беле?
– Азыр жумушунда болсо керек. Ал келгиче келип калгыдай бол. Тааныштар көрүп калса, бетимден уялып турам...
Кудуңдап сүйүнүп кеттим. Базар кыдыргычакты ага шылтоолой Мезгилге да жолуга келем.
– Макул, апа, мен анда батыраак барып келе калайын.
– Батыраак такси менен барып кел. Атаң билбегендей болсун.
Үйдөн чыгарым менен аркы көчөдөн такси көрүндү. Төлгө кылып, жолум болот экен деп боолголоп койдум.
– Кызым, такси керекпи?
Жашы элүүдөн таяп калган айдоочу жаныма келип унаасын токтото сурап калды.
– Ооба, "Ош базарына" чейин.
Соодалашпастан отурдум. Менин максатым эптеп базарга эрте жетип, алчуларды алып, Мезгилдин дайынын билүү болчу. Телефонумдан интернетке кирип, Мезгилдин досу Абайдын номерин издештирип баштадым. "Издеген табат" демекчи, акыры Абайдын номерин таап чалсам такыр албады. Аңгыча такси Пишпектен бурулары менен токтоп калды.
– Мен "Ош базарына" барышым керек.
Айдоочуга айтып түшүндүргүчө унаанын арткы эки эшигинен эки сомодой жигит капшыра кирип ныгыра отурушту. Көз ирмемчелик убакытта болуп өткөн окуяны түшүнө албай дендароо болуп отуруп калдым. Булар кимдер? Менден буларга не керек?
Бул убакта Абай кайра чалып калды.
– Абай, мен, Алия. Мезгил кайда билбейсиңби?
Быдылдап шашып сүйлөгөнүм түшүнүксүз болуп калды окшойт.
– Ким бул?
– Мен... Мен, Алия. Мезгил кайда билбейсиңби?
– Кандайсың? А сен билбей¬сиңби?
Сүйлөшүүбүз аягына чыккан жок. Алиги эки жигиттин бирөөсү колумдан акырын гана телефонду алып өчүрдү да, чөнтөгүнө салып койду.
– Силер кимсиңер? Келе телефонумду!
– Үйгө барганда беребиз.
– Эмне?! Кайсы үйгө? Эртеңки күнү жооп берип каласыңар!
Менин суроолорум жоопсуз калды. Эч ким ашыкча сөз сүйлөгөн жок. Чарпылып айдоочуга жулунарым менен экөө эки колумдан кыса кармап, айдоочудан болжогон жерге батыраак жеткиришин суранышты. Айдоочу да буларды тааныйт окшобойбу, шаар ичи экенине карабай унаанын ылдамдыгын катуулатып айдап баратты.
Мага жаман ойлору бар болсо, бул жигиттер башкача мамиле кылышмак. Тек гана дүлөй, дудук кишилерден бетер кыйкырганыма, ыйлаганыма эч бир маани беришпеди. Көп өтпөй, шаардын кай жагына келгенибизди билбейм, эки кабат үйдүн эшиги толтура адамдар тосуп алышты. Катуу басылган сигналдан улам топ элдин ортосу жарыла ачылып, машина короонун дал ортосуна барып токтоору менен ой-боюма койбой унаадан тартып чыгарышты.
– Кагылайын, келген жериңен бак айтсын! Бактылуу бол, айланайын!
Салабаттуу кары кемпир ак жоолугун көтөрүп башыма салганга даярданып турганынан окуя төркүнүн түшүндүм.
– Жок, жок! Бул эмне кылганыңар?
Бет алдыма келгендин баарын колдорум менен чалды-куйду чаап, өзүмө жолотпой турдум. Ак жоолукту башыма салдырбай, босогону аттабаганга аракет кылып жаттым. Ары жактан апамдын курбусу Алтын эже көрүндү.
– Алтын эже!..
Баятан эки каруумдан катуу кармап үйгө киргизүүнүн амалын кылып турган келин-кесектер колдорумду бошотуп, токтоп калышты. Алтын эже мени бул жерден куткарып кетчүдөй ага карай жүткүндүм. Мойнуна асылып шолоктоп ыйлап да, сүйлөп да жаттым.
– Алтын эже, мени алып кетиңизчи!
– Болду эми, Алия. Акылдуу кыздын бул кылганы кантип болсун? Азыр жолдошуң боло турган жигит – Кайрат менен сүйлөшүп көр. Жакпаса сени кыйнабайбыз. Жүр, жүрө кой... Ичкери кирип жай отуралы.
Баёо сезимимде Алтын эженин айткандарына ишендим. "Жигитим бар, күйөө боло турган бала жакпайт" десем эле мени үйгө кетирчүдөй ойлодум.
– Кирбей эле, үйгө жеткирип койгулачы... Апам сарсанаа болот.
Үйдө калган апамды эстегенде баарынан дагы атамдан коркуп турдум. Алтын эже мени колдон кармай үйгө жетелеп киргизди. Бизге улай ак жоолугун көтөрүп жанатан мага жоолук сала албай убара болуп жаткан апа жанына өзү курдуу байбичени жана эки-үч келинди ээрчите кирди. Негедир топураган кишилер сыртта кала беришти.
– Алтын эже, жигитим бар экенинен кабарыңыз болсо керек?
– Билесиң го, мени деле уурдап кетишкен. Минтип очор-бачар болуп, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз. Жаштык кезде баары боло берет. Болду, азыр Кайрат келсе, ал жигитиң тууралуу ооз ачпай эле койгонуң оң болот.
– Ал эмне дегениңиз, сизге ишенип жатсам?! Каалаганыңарды кылгыла, отурбайм дедимби отурбайм!
Эшикти көздөй атырылдым. Алтын эже алдымды торой бөлмөдөгүлөргө кайрылды.
– Баарыңар чыгып тургулачы. Баса, жеңе, Кайратты мында чакыргыла...
Бөлмөдө Алтын эже экөөбүз калдык. Айланага көз чаптырдым. Көзүм аппак көшөгөгө урунду. Үй заманбап жасалгаланып, буюмдар орду-ордуна коюлган экен.
– Сенин бул жерде экениңден үйүңдөгүлөрдүн баары кабардар. Атайы алдыңа барып, кыз каадасы кылып алып кетет элек, апаңдын айтуусунда, жигитиң да үйлөнүүгө даярданып жаткан имиш... Шашылыш уурдап алып келгенге туура келди.
– Кандайча, баары билет дегениңиз?
– Атаң менен апаң азыр ушу тапта куда күтүүгө даярданып жаткан убагы. Эстүү кызсың, ата-энеңди жер каратпаарыңа ишенем.
Демек, апам атайы мени базарга шылтоолоп жиберип, а мен төлгө кылып жаткан такси – баары эбак даярдалган иш тура...
– Кайрат менин көз алдымда өскөн бала. Сени ыйлатпаарына көзүм жеткен үчүн мен силердин бир үй-бүлө болушуңарга кийлигишип жатам. Босогону аттап кетүү болбой турган иш. Карыларды ыйлатып, алардын каргышына калуу жаман нерсе экенинен кабардар болсоң керек.
Алтын эже сызылып агып жаткан көз жашымды аарчый бетимден өптү. Бурчта жаанда калган жөжөдөй тыгылып турган жеримден колдон тарта көшөгөгө киргизди. Далдырап, эс-учумду жыя албай башым айлангөчөк атып, дендароо абалга тушуктум.
– Мен азыр...
Бүйрө басып Алтын эже көшөгөдөн чыгып кетти. Сыягы, "жоолук салгыла" дегендей белги кылды окшойт. Келин-кесектер саамдан соң топурай кирип келишип, аппак жоолук башыма салынып, көшөгө ичинде отуруп калдым. Негедир каршылык кылганга менде дарман болбоду. Мелтиреп, бир жерди тиктей, ойлорумду топтой албай отура бердим. Жанымда тестиер кыздар чурулдап, тегеректеп отурушат. Баятан чакчырылып, эми жоошуп калганыма таңданып турушса керек. Андай абалыма бул кыздар эмес, өзүм дагы түшүнбөй турдум.
Оо, менин Мезгилим, мага тагдыр кандай белектерин тартуулап турганын билсем кана! Баарын башкача кылбайт белем! Ушинтип эле, бир заматта башка бир адамдын колуктусу болуп каламбы? Абай “Сен билбейсиңби?” деп эмненин башын кылайтты? Мен билбей кала турган эмне иштин үстүнөн чыктың? Бир шаарда туруп экөөбүздүн аралыгыбыз асман менен жердей алыс болуп кетти го? Ушул жерде бул буюккан турмуш көз ирмеминен сууруп кете турган сен элең го!
Каалганын шарт ачылганы жүрөгүмдү “болк” эттирди.
– Баргыла, силер сыртка чыгып ойноп тургула...
Көшөгөнүн четинен башын кыңайтып киргизген Алтын эже жанымдагы кичинекейлерди чыгарып:
– Кайрат, Алия менен сүйлөшө берсең болот,- деп өзү дагы чыгып кетти.
Мына, чечишип сүйлөшө турган убакыт келди окшойт. Шарт ордуман туруп, жоолукту башымдан алдым. Маңдайымда ата-энем, Алтын эже, дегеле баары мактап жатышкан Кайрат турду.
– Кечир, Алия!
Кепти кечирим суроодон баштады.
– Ала качуу жигитчиликке жатпайт!
Ыйыма муунуп, андан ары кепти энтиге сүйлөп жаттым.
– Сен сүйбөгөн адам менен кандайча бактылуу турмушту элестетип, баш кошууга, бирге түтүн булатууга бел байладың? Менин сүйлөшкөн жигитим бар. Макул, ата-энемди колго алып, мени мажбурлап алган күндө да, мен сени сүйбөйм. Угуп жатасыңбы, сүйбөйм?!
– Алия, кечир мени! Бирок мен сени кичинеңден билем. Сыртыңдан тымызын жактырып келгем.
Кайрат мага жакындай кучактамакчы болду.
– Жолобо, мага! Ортого ар кимди, кемпир-кесекти салба. Турмуш экөөбүздүкү. Азыр баарын чакырып, сыйың менен мени үйүмө жеткир.
– Алия, баары жакшы болот...
– Жок, мен Мезгилсиз жашай албайм!
Уңулдап ыйлаганга өттүм.
–Ай, Кайрат?
Эшик ачылып, аял киши кайрылды.
– Жеңе, бизге убакыт бериңиздер...
Негедир Кайрат менден жигитим тууралуу айтып берүүсүн өтүндү. Ый аралаш баарын айттым. Мезгилдин убадасына турбай, ата-энем менен таанышууга келбегенин, аны таппай калганымды да жашырбадым. Мени угуп жатканда Кайраттын бирде жаак эттери түйүлө, калың каштары бириге жинденген абалы мага байкалып турду. Ал ансайын бирге жүргөн күндөрүбүздү колумдан келишинче көркөмдөп айтып, анын жинине тийгим келди. Мүмкүн, мени өз жайыма коё берет.
– Алия, баарын унут! Менин сүйүүм экөөбүзгө жетерине ишенем.
Колдорумду чеңгелдей кармап, көзүмө тик карады.
– Суранам, жоолукту салынчы, суранам! Сени бактылуу кылыш менин колумдан келет.
Кайрат колумдагы уучтай кармап турган ак жоолукту жулуп алды да, башыма калдастап салып жатты. Экөөбүз бир топко алыштык. Бутума чөгөлөдү. Сүйүүсүн билдирди. Тааптыр ашыктык арманын айта турган убакты. Болгон аракетим менен Кайратты менин бактыма тоскоол болбошун суранып, жалдыраганга дейре бардым.
– Жетишет, Алия! Менде дагы эркектик намыс бар. Сен мендик болосуң!
– Эркектик намысың болсо, малчасынан уурдап келет белең?
– Баарына өзүң күнөөлүүсүң...
– Сени менен баары бир жашабайм, көрөсүң го...
Кайрат чыгып кетти. Артынан кошо атырылып мен чыктым. Баары улагага улай биз жакты карап турушкан экен. "Келишип алдыңарбы?" деген жеңелеринин суроосуна Кайрат мени теше карап туруп жооп берди:
– Отургузгула, жашабаганда кайда барат?!
Көшөгөгө сүрмө топ менен кайра алышып жатып кирдим. Кайраттын керсейип “Жашабаганда кайда барат?!” деп айтканы мени катуу ардантты. Аргам канча, апам телефон чалып “отурган кыз ордун табат. Ошол жерден жылып көр, сендей кызыбыз жок деп билебиз” дегенде жер астын-үстүн болгондой болду. Акыры бешенеме жазган тагдырыма баш ийүүгө туура келди.
Кайрат мен үчүн чоочун адам. Болгон кыялымды көрсөтүп, аны өзүмдөн алыстатууга аракет кылып жатам. Ага карабай айланчыктап жанымдан кетпей, карегим менен тең айланат. Баары бир жүрөгүмдүн толтосунда – Мезгил. Анын болсо дайыны белгисиз, байланышканга менде шарт жок. А мен капастагы куштаймын. Жадакалса телефон менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес. Кайын журтум болсо ресторанда боло турган үлпөт тоюбузга кызуу даярданышууда. Бүгүн дагы адаттагыдай кечки коноктор кетип, ашканада келиндик вазыйпамды аткарып идиштерди жууп жаткам. Кайрат келип мага жардамдашып калды.
– Алия, жүрү кечки Бишкекти айланып, сейилдеп келели.
Артымдан кучактай бетимден сүйдү. А мага баары бир болчу. Кайрат жакшы эркелетип жатабы, анткорлонгонума жинденип жатабы, капарыма албай сенек болуп катып калган элем...
Ушул үйдүн босогосун аттаган акыркы күндөрүм кайра жашоомо кайрылып келбесе деп тилеп келем. Бардык көз ирмемдер түш болуп калса кана!
– Эмне унчукпайсың? Бултуюп коркутканың жетишет го дейм.
– Сүйлөбөчү мага!
Менин сөзүмдү укмаксанга сала Кайрат ашкананын эшигин жапты. Конок бөлмөдө отурган ата-энесинин биздин сүйлөшкөнүбүздү угуусун каалабады окшойт. Стол жанына барып, салаттардан жеп, бар жинин тамактан чыгарып жатты. Байкаганым, Кайрат канчалык менин кылган аракеттериме жини келгени менен, өзүн абдан токтоо кармайт. Кылган мамилесинен улам айтканынан кайтпаган өжөрлүк сапат бар экенине ынанбаска аргам жок болчу.
– Алия, канчага чейин мышык-чычкан болобуз? "Чуркаган эмес, буюрган алат" дегендей, экөөбүздүн тагдырыбыз бир экен, минтип баш коштук. Мени да кыйнап, өзүң да азапка малынбай, мага жүрөгүңдүн бир бурчунан орун берчи, бир бурчунан гана... Көрөсүң го, баары жакшы болот.
Анын караанын көргөндө, сүйлөгөнүн укканда жек көрүүм ашып, урушарга жоо таппай турган абалга туш болом. Азыр өз оюм менен алек болуп, үндөбөдүм. Бардык кылыктарыма чыдап, сөз менен гана жайгарып, мени багындыргысы келип турганын карачы. Ал сезим, сүйүү, махабат менен эсептешкиси жок. Кайсы тилде, кандай кеп-сөз менен буга жан дүйнөмдө болуп жаткан ага болгон жек көрүүнү, көңүл коштукту түшүндүрөрүмдү билбей турдум.
Кайын журтум Кайрат экөөбүздүн келише албай жаткан мамилебизди билишкени менен, баары көрмөксөнгө салышууда. Бирок кайнене-кайнатамдын тымызын менин кабак-кашымды карашып, алда эмне болуп кетер экен деп турган санааркоолору көздөрүнөн байкалбай койбойт. Күндө эртең менен түнү менен ыйлап чыкканга эки көзүм тоодой шишигенин кантип алар байкабай коюшсун?
Жаныма жуутпай, кагып-силкип турганым жадата баштады көрүнөт, Кайрат үйдөн таң эрте кеткен бойдон келбеди. Жатарда анын кайда кеткенин сурабасам деле кайненем уктоочу бөлмөгө баш багып, Кайрат жумушуна кеткенин айтты.
Таң атарына аз калган. Менде кайдагы уйку? "Мезгилим да мени дал ушинтип эстеп жатты бекен?" деп ойлогонум ойлогон. Бир маалда Кайрат келди окшойт, апасы экөөнүн күбүр-шыбыр сүйлөшкөн үндөрү угулду. Уктоочу бөлмөнүн эшиги ачылары менен калп уктамыш боло мажбурлап көзүмдү жумдум.
– Билем, сен бул убакта качан уктачу элең? Анткорлонбой аччы көзүңдү...
Көйнөгүн чечип, колундагы саатын ары алып жатып:
– Сага күйөөң таңкы беште келсе деле баары бирби, ыя?- деп жаныма келди. Эңкейип жүзүмдөн сүйдү. Аракпы, сырабы, эмне ичкенин ким билсин, айтор, оозунан ичимдик буркурайт.
– Мезгилиңди таптым...
Кимди? Оо, Кудай, Мезгилге жолуккан белем, шарт жаткан ордумдан тура калдым.
– Мына, мына... Сенде кайдагы уйку?
Кайрат мени шакабалагандай, өзүнө жарашыксыз жылмайды.
УЛАНДЫСЫ БАР....

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев