
*
```Келиним сырдаш болсо,
Кейисем муңдаш болсо.
Алсырап турган кезде,
Алымды сурап койсо.
❤❤❤❤❤❤
Көңүлдүн тырыктарын,
Кирпичтей кынап койсо.
Үмүтүм жанбайт беле,
Үзүктү улап койсо.
❤❤❤❤❤❤
Айттырбай билип койсо,
Апа деп күлүп койсо.
Кайгымды тең бөлүшүп,
Кучактап сүйүп койсо.
❤❤❤❤❤❤
Көп сүйлөп акыл айтсам,
Көңүлгө түйүп койсо.
Көбүрөөк ката болсо,
Көңүлдөн чийип койсо.
❤❤❤❤❤❤
Кең пейил сылык болсо,
Кебимди угуп койсо.
Уулумдан ката кетсе,
Көкүтпөй тыйып койсо.
❤❤❤❤❤❤
Жылуулап көңүлүмдү,
Жыртыгым тигип койсо.
Эненин эңсегенин,
Экөө тең билип койсо.
❤❤❤❤❤❤
Балпайып жакшы карып,
Балдарга баркым болсо.
Оо кудай алып салчы,
Онтоткон дартым болсо.```
❤❤❤❤❤❤


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 16