Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

24 окт 2022

АДАМДЫ ҮНСҮЗ АБАЛГА ЖЕТКИРБЕ!

️ Көпкө чыдаган адам, үнсүз кетет.
Анткени көңүл ооруткан адамдын жакшы сөзү дагы таасирин жоготот.
🔹️Кээ бир инсандар, эртеңкисин ойлонбостон өздөрүнүн катуу сөзү жана мамилеси менен жакындарынын жүрөгүн жаралап келишет. Алы жеткен адамды моралдык кысымга алып, бүт жашоосун бийлеп, роботтой башкарып рахат алып жашоону сүйөт. Жараланган жүрөктүн
▪️жеке каалоосу,
▪️ көз карашы,
▪️ ой пикири жана бул жашоодо, эч ким толтура алгыс орду бар экенин эске албайт.
🔹️ Чыдаган сайын "сен чыдаганга милдетүүсүң" деген талапты коюп, мурункудан да катаал мамиле жасай баштайт.
▪️ Өзүн кудай сезип,
▪️өпкөлөнүп,
▪️төшүн каккылып "мен ага каалагандай сүйлөйм же мамиле кылам" деп ойлойт.
Жүрөктү жаралоо менен өзүн күчтүү сезип, бийиктикке жеткендей жыргап алат. Ал адамдын жаман мүнөзүнө канчалык чыдап, басынган сайын, текебердиги күч алат. Жакшы эмес жаман жагына өзгөрө баштайт.
🔹️ Эх акылсыз адам! Барган сайын көзү көр, кулагы чындыкты сүйбөй баштайт. Өзүнө такыр чаң жугузкусу келбейт. Өзүмчүл сүйүүгө байланат. Жакынына каттуу сөз сүйлөө менен өзү бир да сөз көтөрө албаган адам экенин мойнуна алгысы келбейт. Бүт жактан актанып жакынына эмес, сырттагы адамдарга жакшы көрүнүүнү жана аларга уят болбогонго аракет кылат.
Бирок эң жакын адамы, сырттагы адамдардан керек адам экенин унутат. Оюнда "ар дайым мен каалагандай жашоо болот" деп, жалган үмүт менен өзүн шыктандырып жашап келет. Сырткы адамдардын көз карашы ал үчүн эң чоң ролду ойнойт. Анткени ал адамдын корккону жана алсыз жери
▪️алсыз көрүнүү,
▪️кур намыстык,
▪️басынып калуу,
▪️уятка калуу.
🔹️ Өкүнүчтүүсү, жан дүйнө дегенди такыр түшүнбөйт. Көңүл оорутууну оңой көрөт. Жакынын көз жашына кайдыгер карайт. Анын түйшүгүнө жана оорусуна таш боор мамиле кылат. Өмүр бою өзүнө керек адам экенин унутуп жакынын, өзүмчүл сүйүүсүн канаттандыруу үчүн пайдаланып жашоого көнө баштайт. Бирок жакынынын жүрөгү күндөн-күнгө андан алыстап атканын ойлонуп да койбойт.
🔹️ Көпкө чыдаган жакыны, акыры үнсүз кетүүгө бел байлайт.
Эмне үчүн үнсүз калууну туура көрөт?
Себеби
▪️жүрөгүнүн эшиги бардык адамга эмес, бир адам үчүн каттуу жабылат.
▪️Ал адамга болгон ишенимин жоготот, кайра ишенгиси келбейт.
▪️Ал адамды жашоосуна аралыштырууну каалабайт.
▪️ Үнсүз жооп, көп пайдасыз сөздөн жакшы экенин түшүнөт.
▪️Мурунку жаманды гана эмес, жакшыны да эстегиси келбейт.
▪️Керексиз, үмүтсүз сөздөр менен ойлорун жаманга толтурууну каалабайт.
🔹️ Адам темир эмес тура. Тирүү жан болгон соң чарчайт, тажайт, тынчтыкты эңсейт. Ошол үчүн жакын адамды үнсүз абалга жеткирбөө маанилүү. Сен менен бир да сөздү бөлүшкүсү келбеген адам, үнсүз калат. Бул, ал адамдын алдында кадырыңдын кеткени жана мындан ары жакшы сөзүң менен да таасир бере албай калганыңдын белгиси.
Зарема Игамбердиева.
Пост суранычтар боюнча жазылды.
#заремапостжазуу #жашоо_жана_мен #өмүр #сүйүү #үйбүлө #жубайлар #келиндер #айымдар

АДАМДЫ ҮНСҮЗ АБАЛГА ЖЕТКИРБЕ! - 945651538261

Комментарии 20

Тынара ☔☔☔☔☔☔☔☔☔☔☔☔
Тынара ☔☔☔☔☔☔☔☔☔☔☔☔
Ооба бул сөз чындык бирок мага окшогон башынан өткөргөн адамдар гана билет
24 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
     тагаева сонун
    тагаева сонун
    ответила Тынаре
    😳
    24 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
     тагаева сонун
    тагаева сонун
    Здщщшшшдбдттггггг шишхгэггшшшзждлгр
    24 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жазгуль Усманова
    Жазгуль Усманова
    👍
    24 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Миргуль Джээнбекова
    Миргуль Джээнбекова
    😭😢
    24 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Сайра ❤❤❤👍 ❤❤
    Сайра ❤❤❤👍 ❤❤
    ❤️
    24 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Сайра ❤❤❤👍 ❤❤
    Сайра ❤❤❤👍 ❤❤
    Туура
    24 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Бегайым Утаева
    Бегайым Утаева
    Эх кандай гана сөздөр 😥😥😥 чын эле ушундай. Ушунун баарын кылган эгоисттер. Жүрөккө канжар менен жазып атышат.Алтын сөздөр 👍👍👍
    24 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Келдибек Кебеков
    Келдибек Кебеков
    Бул тура чындык эн тура жазылыптыр 😌
    25 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ж К
    👍👍👍
    25 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айбийке Бакыт кызы
    Айбийке Бакыт кызы
    Эн жакынындын жаман созу душмандын он жолу сайган пычагынанда катуу сайылат бул чындыык.
    25 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулпари Абдимомунова
    Гулпари Абдимомунова
    👍
    25 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Мусабек Эшбаев
    Мусабек Эшбаев
    ❤️
    25 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Мусабек Эшбаев
    Мусабек Эшбаев
    ❤️
    25 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ж Н
    Ж Н
    ♥️
    25 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    бубура муканбетова
    бубура муканбетова
    🎁
    25 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ELS’MA Официальный магазин
    ELS’MA Официальный магазин
    ❤️
    25 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Сайра ❤❤❤👍 ❤❤
    Сайра ❤❤❤👍 ❤❤
    Туура бар ушундайлар
    25 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Салия Бабашова
    Салия Бабашова
    Ен сонун туура айтылган
    27 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айпээри Абжаббарова
    Айпээри Абжаббарова
    Толугу менен кошулам ар бир сөзгө, ушунчалык жаман сөздөр ду оозуна алып суйлоп көнулдуу болушунча калтырып канча ирет дагы деле, сен ушундай сын деген адамдардан мен да унсуз кеттим😒. Башка укум жок жакшы созун да жаман созун да.
    28 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 28 125Фото 23 306Видео 1 633Участники 40 932
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 28 125
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться