Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

21 окт 2022

БАЛАНЫЗ СИЗДЕН КАНДАЙ АДАТТАРДЫ УЙРОНОТ БИЛЕСИЗБИ?

Ар бир ата- эненин жашоо тажрыйбасы ар түрдүү келет, бирок, кандай гана кырдаал болбосун балдарыңыз сиздин жүрүм- турум жана кыял- жоруктарыңызды сиздин өзүңүздөн үйрөнүшөт. Ар бир сүйлөгөн сөзүңүз, кыймыл- аракетиңиз, чыгарган чечимдериңизди балдарыңыз сезип- сезбей, билип- билбей өзүнө калыптандырып алат. Ал эми бул ата- эне үчүн өтө жоопкерчиликтүү маселе эмеспи. Төмөндөгү келтирилген 7 мисалда берилген жүрүм- турумдарды балдарыңыз сизден алат, андыктан билип алышыңыз ашыктык кылбайт.
1. Энеге болгон мамиле
Эгер баланын атасы үй бүлөдөгү айымдарга жакшы мамиле жасап, ага сый- урмат көрсөткөн болсо, демек, балдар чоңойгондон кийин апаларына дегеле айымдарга дал ошондой мамиле жасашат. Эгер кагып- силкип, одоно, адепсиз сөздөр колдонулса, аны да сөзсүз түрдө үйрөнүп алат.
2. Акча менен башкаруу
Эгер сиздин карызыңыз көп болсо жана акчаны үнөмдөбөй туш келди коротуп, максатсыз пайдаланган болсоңуз, балаңыз кийин дал ошондой болуп сизди кайталайт. Сиздин жашооңуздагы жоопкерчиликсиздигиңиз, каражатты үнөмдөй албай карызга баткандыгыңыз ага эң жаман үлгү болот.
3. Башка адамдарга мамиле жасоо
Эгерде сиз башка адамдар менен жеке өзүңүздүн кызыкчылыгыңыздын арты менен гана мамиле куруп, баарлашкан болсоңуз жана аны үй бүлөдө ачык эле айтып жүрсөңүз балаңыз кийин дал ошондой тарбия менен чоңоёт. Мындан сырткары, балакай менен дүкөн, кафелерге барган учурда дагы сатуучу, официанттар менен сылык- сыпаа сүйлөшүңүз. Кандай гана адамдар болбосун бардыгы бирдей укукка ээ жана сыйга татыктуу экенин сездире билдириңиз.
4. Макамы бийиктерге болгон мамиле
Сизге билинбеген менен балаңыз ар бир сүйлөшкөн сөздөрүңүзгө кулак салат. Телефон аркылуу, же үйдө отурганда жетекчиңиз тууралуу сын- пикирлерди айтсаңыз, муну да бала дароо эле эсине түйүп алат. Кийинчерээк ал адамдарга туура эмес мамиле жасайт. Буга бир гана өзүңүз күнөөлүүз.
5. Чөйрөңүздөгүлөргө жалган айтсаңыз
Балакайлар өтө сезимтал келет. Андыктан сиздин жалган айткан сөздөрүңүздүн баарын ал билип алат. Келечекте кийин ал сөзсүз ал ыкманы колдонот. Ошондуктан жалган сүйлөөдөн этият болуңуз.
6. Сиздин эрежелер жана жалкоолук
Алып жүргөн жашоо образыңыз баш- аламан болсо, спирт ичимдиктерин ичип, жумуштан кечигип же барбай койгон адаттарыңыз болсо, биринчи кезекте аны балаңыз үйрөнүп алат. Андыктан сергек жашоо образын алып жүрүп, балаңызга үлгү болуңуз.
7. Кең пейилдик жана мээримдүүлүк
Күнүмдүк жашооңузда кайрымдуулук кылуу, адамдар менен карым- катнаш түзүп жакшы мамиледе болуу жок болсо, анда балаңыздын жашоосунда ушундай боштук болот. Андыктан баланы кичинекейинен кайрымдуулук иштерине аралаштырып, жакшы, пайдалуу иш- чараларга катыштырып жүрүңүз.
#9

БАЛАНЫЗ СИЗДЕН КАНДАЙ АДАТТАРДЫ УЙРОНОТ БИЛЕСИЗБИ? - 945513855061

Комментарии 1

Женя АЖЧ
Женя АЖЧ
❤️
28 окт 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Масленица в ОК
    Дарите блины — получайте призы!
    Участвовать
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 437Фото 22 466Видео 1 632Участники 39 810
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 437
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться