Он алтыга эми гана чыккан жаш кызды, өзүнөн улуу жигит "сүйүп калдым, кел экөөбүз сүйлөшүп жүрөлү"- деп алтын шакегин тартуулады.
А кыз "мейличи эми жөн жүргөнчө жигитим болсун"- деп тобокелге салды.
Бирок жыл айланбай алардын кыз -жигит доору чоң сүйүүгө айланып турмуш куруп калышты.
Экөө көпкө чейин балалуу боло алган жок , анткени күнөө кыздын бир белгилүү оорусу бардыгына байланыштуу экен.
Бирок көпкө болбой эле боюнда болуп калды, врачтын кийлигишүүсүн четке каккан кыз, ичинен "мейличи жок дегенде төрөй албасам дагы эне болуу бактысына чөмүлөйүн , боюма көтөрө берейин " -деп ойлонду.Чечими туура болуп чыкты мезгили жетип балканактай дени-карды соо уулду болду.
Көп жыл өтүп врачтар "сенин өтө коркунучту дартың бар экен, бул диагноз менен бир ай араң жашайсың"- деп айтышты.
Бирок ага дагы моюбай, мейли бирок жакындарымдын жанында аз калган өмүрүмдү өксүбөй өтөм деп болницадан чыгып кетти.
Жакын адамдарынын жакшы мамилеси аны куландан соо айыктырып жиберип, текшерилүүгө барып дарыгеринин оозун ачырды.
Мындан эмне деген ойго келдим, тобокел кылып ичиндеги максатыңа ишенип, анан кудайга гана табыштап койсоң баары сонун жагына чечилет экен.
А биз кам сүт ичкен пенде тим эле болбогон нерсеге сары-санаа боло берет экенбиз.
Эң башкысы максат, ага жете тургандай шарт түзүп берсин кудайым, башка ишенгеним жок.
А сиздин ой кандай замандашым.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12