Үйүбүзгө көрк берип,жакшы маанай тартуулаган үй гүлдөрү ден соолукка пайдалуу дары экенин билесизби? Эми сиз үй гүлдөрүн кооздук үчүн гана эмес, ден соолук үчүн да өстүрсөңүз болот. Ал эми гүлдөрдүн дарылык касиеттери тууралуу төмөнкү макалабыздан биле аласыз.
Алоэ гүлү
3 жылдан ашык убакыт өстүрүлгөн алоэ гүлүнүн жалбырагы менен сабагын кургатып колдонууга болот. Алоэнин курамында минералдык туздар, С витамини, катехин, аминокислота сыяктуу пайдалуу заттар бар. Алоэ гүлүнүн жалбырагы, ширеси карын, ашказан жарасы, он эки эли ичеги, жөтөл, жара, бронхит оорулары менен катар сасык тумоодо жана күйүктө жардамга келет. Кошумчалай кетсек, алоэнин ширеси ангина, фарингит, оозул жана башка суук тийген ооруларда чайкоочу каражат катары колдонулат.
Сөөлдөн арылууда: алоэ гүлүнүн жалбырагын кесип алып, анын суюктугун бир күндө 6-7 жолудан сөөлдүн үстүнө басып туруу жакшы натыйжа берет. Мындан тышкары алоэнин жалбырагын майдалап экзема, дерматит жана теринин аллергия ооруларына компресс кылуу менен дарылап келишет.
Беттеги безеткини кетирүүдө: алоэнин сыгылган ширесин атайын калыпка тундуруп, күнүнө 3-4 маал сүйкөө шарт. Болбосо марлини алоэнин ширесине салып суулаган соң аны жүзүңүзгө жарым саат коюңуз. Бул ыкманы алгач 7 күн катары менен, кийинки жумада күн ара, акыркы эки жумада жумасына 2 иреттен жасаңыз.
Ашказан жарасында: 15 грамм алоэнин ширеси, 350 грамм кызыл шарап жана 250 грамм балды бирдей массага келгенче аралаштырып туруп, муздаткычка 5 күн коюу керек. Бул дары тамактанар алдында бир чай кашыктан ичилет.
Балдардын итий оорусунда: 3 жылдык алоэни, грек жаңгагын, лимонду эт майдалагычтан өткөрүп, ага бал менен зайтун майын кошуп дары даярдайсыз. Эми аны балага күндө 3 ирет тамактанарга жарым саат калганда 1 чай кашыктан ичирүү керек.
Тиштин бүйлөлөрү канаганда: 50 грамм алоэнин ширесин 50 грамм жылуу сууга аралаштырып, күнүгө 3-4 маал тишин чайкап, щётка менен тишин жууганда да ошол сууга жууп жүрсө, бүйлө канабай калат.
Суук тийүүдө: 300 грамм алоэнин жалбырагын кыргычтан өткөрүп, ага 3 аш кашык бал жана медициналык спирт кошуп аралаштырыңыз. Даяр болгон аралашманы күнүнө 3 маал тамак ичер алдында жеп турсаңыз, дарттан алыс болосуз. Ошондой эле 10 аш кашык алоэнин ширесине 20 грамм кайнак суу аралаштырып, бир күндө 3-4 ирет мурдуңузга тамчылатыңыз.
Герань гүлү
Герань гүлүнүн жалбырагынан стафилококк бактериясын өлтүрүү үчүн суюктук даярдап бактериялардын үстүнө куйганда жарым сааттан кийин бактериялардын басымдуу бөлүгү өлгөн. Көрсө, герань микробдорду өлтүрүүчү заттарды бөлүп чыгарат экен. Герандын курамынан пектин, кант, крахмал, камед жана танин затын кезиктирүүгө болот. Жалбырагы менен тамыры да дары катары колдонулуп келет. Герандын тамырынан ооз көңдөйүн чайкап жүрүүчү жана мурун канын токтотуучу дарылар жасалат. Кызыгы герань гүлү Англия королун уйкусуздуктан арылткан.
Остеохондроздо: герандын 10 чакты жалбырагын майдалап эзип, ооруп жаткан жериңизге таң атканча компресс жасап турсаңыз, уюп ооруганы айыгат.
Сасык тумоолоп калганда: мурдуңуздан суу агып калганда герань гүлүнүн ширесинен мурдуңузга 3 тамчыдан тамызып турсаңыз, тез айыгасыз. Ал эми жалбырагын майдалап марлиге салып туруп бутуңузду таңып жатсаңыз болот.
Кулак ооруганда: 12 даана герань жалбырагын майдалап, ага 2-3 аш кашык сулу акшагын же гречканын унун, 1-2 аш кашык камфора спиртин кошуп бирдей массага келгенче аралаштырыңыз. Даяр болгон массаны кулактын тегерегине коёсуз да, кулактын ичине 2-3 тамчы ширесин тамчылатып туруп кулакты жакшылап ороп, бинт менен таңып таң атканча кармайсыз. Бул ыкманы 3-4 күн катары менен кылсаңыз, кулагыңыздын ооруганы басылат.
Диареяда: герань гүлүнөн 3 аш кашык ботко даярдап, ага 100 грамм спирт кошуп, оозу жакшы жабылган идишке салып жылуу жана караңгы жерге 3 күн кармаш керек. 3 күндөн кийин эрте менен жана кечки тамактын алдында жылуу сууга 20 тамчыдан тамчылатып ичүү керек. Бул дары шал оорусу менен ооруп жаткандарга да сунушталат. Эгер арак ичкенге болбосо, кайнатылган сууга аралаштырып 5-6 саат кармап ичсе болот. Бирок күнүмдүк дарысын күнүгө даярдашы керек.
Катаракта оорусунда: күнүгө 1-2 жолу герань жалбырагынан сыгылып алынган ширени көздүн кычыктарына тамызып турса, көздүн көрүүсүн жакшыртат.
Кан басымы жогорулаганда: герандын тамыры менен жалбырагынан жасалган ширени ичүү менен кан басымын калыбына келтирүүгө болот. Ал үчүн 1 аш кашык герандын тамырын 1 стакан кайнатылган сууга салып, 8 саатка коюп коёсуз. Эми аны бир күндүн ичинде төрткө бөлүп ичип түгөтүүңүз керек.
Уйкусуздуктан арылууда: нерв системаларынын ишин жөнгө салып, уйкусуздуктан арылуу үчүн күнүгө кечинде 20 грамм герандын жалбырагынан сыгылып алынган ширеге теңме-тең кылып кайнатылган суу кошуп ичиңиз.
Ангина кармаганда: герандын 3-4 жалбырагын стаканга салып, үстүнө кайнатылган суу куюп 2-3 мүнөттөн кийин тамагыңызды чайкай берсеңиз болот. Бул ыкманы бир күндө 3-4 жолу кайталаңыз.
Тыйын гүлү
Байлык чакыруучу гүл деп баары жакшы көргөн тыйын гүлүнүн жалбырагы сыздоокто, жарада, тытылып кеткен жерди калыбына келтирүүдө, учукту жана чорду кетирүүдө колдонулуп келет.
Сыздоокто жана тытылып кеткен жерди калыбына келтирүүдө: 3-4 жалбыракты майдалап ботко жасайсыз. Боткону марлиге ороп, ооруган жерге басып 3-4 саат кармайсыз да, кайра жаңыртасыз. Бул ыкманы бат-баттан кайталап турсаңыз, эффективдүү натыйжасын берет.
Учукту дарылоодо: тыйын гүлүнүн 2-3 жалбырагынын ширесин сыгып алып, учук чыккан жерге сүйкөп турасыз. Ангина кармап, тамагыңыз кычышып ооруганда да сууга тыйын гүлүнүн ширесин аралаштырып оозду чайкасаңыз, ангинадан бат арыласыз.
Муундарыңыз какшап ооруганда: муун оорусуна тыйын гүлүнүн ширесин күнүгө кечинде сүйкөп жүрүү жакшы жардам берет. Аары, чиркейлердин чагуусунан пайда болгон шишиктерди тыйын гүлүнүн ширеси менен күнүгө 5-6 ирет сүйкөп турсаңыз, натыйжасы жакшы болот.
Ашказан жана он эки эли ичегинин оорусунда: элдик дарыгерлер ашказанында жарасы барларга жана гастрит менен ооругандарга күнүнө бир маал тыйын гүлүнүн эки жалбырагын тамактанарга бир саат калганда аябай майда чайнап жеп турууну сунушташат.
Бөйрөк ооруда: 5 даана жалбыракты тазалап, аябай майдалап эзип туруп, үстүнө 50 грамм кайнаган суудан куюп бир саат тыныктырасыз. Андан кийин бир күндө 3 ирет 1 аш кашыктан тамактанарга жарым саат калганда ичип турасыз.
Тамандын чорунан арылууда: жалбырактын жука катмарын сыйрып туруп чор болгон жерге басып таңып саласыз. Бул ыкманы чор кеткиче колдоно берсеңиз болот.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7
Байлык чакыруучу гүл деп баары жакшы көргөн тыйын гүлүнүн жалбырагы сыздоокто, жарада, тытылып кеткен жерди калыбына келтирүүдө, учукту жана чорду кетирүүдө колдонулуп келет.
Сыздоокто жана тытылып кеткен жерди калыбына келтирүүдө: 3-4 жалбыракты майдалап ботко жасайсыз. Боткону марлиге ороп, ооруган жерге басып 3-4 саат кармайсыз да, кайра жаңыртасыз. Бул ыкманы бат-баттан кайталап турсаңыз, эффективдүү натыйжасын берет.
Учукту дарылоодо: тыйын гүлүнүн 2-3 жалбырагынын ширесин сыгып алып, учук чыккан жерге сүйкөп турасыз. Ангина кармап, тамагыңыз кычышып ооруганда да сууга тыйын гүлүнүн ширесин аралаштырып оозду чайкасаңыз, ангинадан бат арыласыз.
Муундарыңыз какшап ооруганда: муун оорусуна тыйын гүлүнүн ширесин күнүгө кечинде сүйкөп жүрүү жакшы жардам берет. Аары, чиркейлердин чагуусунан пайда болгон шишиктерди тыйын гүлүнүн ширеси менен күнүгө 5-6 ирет сүйкөп турсаңыз, натыйжасы жакшы болот.
Ашказан жана он эки эли ичегинин оорусунда: элдик дарыгерле...ЕщёТЫЙЫН ГҮЛҮНҮН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ!!!