
🌹Ата - казына, эмне издесең табылат,
Апа - көпүрө, кайда жүрсөң жол табат.
⠀
🌹Бир тууган-күзгү, сени андан карашат, Бала - дайра, таза жана шар агат.
⠀
🌹Ата - санжыра, тарых баткан ичине,
Апа - сандык, сыр чыгарбас кишиге.
Бир тууган - мурас, улуулардан кичүүге, Бала - ырыс, турмуш деген кечүүдө.
⠀
🌹Атага урмат, кымбат турат баарынан .Энеге данк, мөмөсү бейиш багынын.
⠀
🌹Бир тууган-боор, кесип салбас эч бир жан жок. Бала - бир доор, жүрөктөгү ысык кан...
⠀
🌹Өмүрлүк жар жандай бакыт, бала деген -балдай бакыт! Ата-эне, бир тууганын, амандыгы кандай бакыт!
⠀
Алланын элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
⠀
«Садаканын эң абзели (жакшысы) Рамазанда берилгени» (Имам Тирмизий).
⠀
"Садака кедейге берилсе он эсе, сокур же майыпка берилсе жетмиш эсе, жакын бир тууганына берилсе миң эсе, ата - энесине кылынган жакшылыктын бардык түрүнө он миң эсе, талабага, дин окуучусуна же дин аалымына берилсе жүзмиң эсе сооптуу болот". (Имам Суйутий р.а)
⠀
Жакшылыгы жамгырдай төгүлгөн берекелүү айда, жакшылык кылууну жакындарыңыздан баштаңыз. Жакшылыктын арты менен карым - катнаштын учугу уланып, ынтамагы бекемделип, ортодо, сый - урмат, мээрим жаап, Жараткандын сыйына ээ бололуңуз. ..
⠀
Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!
⠀

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев