Кадимки биз тамак-ашка пайдаланып жүргөн пиязсыз тамактын даамы чыкпайт эмеспи. Көрсө, пияз тамакты гана даамдуу кылбастан, бир нече ооруга да даба экен. Төмөнкү ыкмаларды жасоо менен текшерип көрүңүз.
Жөтөлдө
Жөтөл үчүн пияздын ширеси натыйжалуу дары болуп эсептелет. Эгерде анын жыты жана даамы жакса. Болбосо пияздын кесимин кулагыңызга тыгып коюңуз, анын ширеси баары бир каныңызга таасир этет да, оорудан куткарат.
Күнгө күйүүдө
Күнгө күйүп калуу баарыбыз үчүн абдан жагымсыз көрүнүш. Аны жок кылуу үчүн эки кесим пиязды алып күйүктүн үстүнө 2 мүнөт коёбуз. Эгерде күйүктөн дале арылбасаңыз, жумуртканын белогун сүйкөп коюңуз.
Баш, кулак ооруда
Башы менен кулагы ооруган адам бул оорулардын канчалык тозок экенин жакшы билет. Бул оорудан кутулуу үчүн адам эмне болсо да жасагысы келип калат эмеспи. Убара тартпай жөн гана пияздын кесиндисин кулагыңызга тыгып коюңуз. Ал суук тийүүдө натыйжалуу каражат болуп эсептелет. Эгерде сизди шакый да кыжалат кылса, бул ыкманы уктардын алдында да кайталаңыз. Пияз кулагыңызга тыгылган боюнча уктап деле калсаңыз болот. Жыйынтыгына ыраазы болосуз.
Дене табында
Пияз өзгөчө балдардын дене табынын көтөрүлүшүнө жакшы жардам берет. Эгерде балаңыздын дене табы көтөрүлүп жаткан болсо, пиязды аарчып, шакекче кылып кесип аласыз. Аны алма уксусуна малып, ургулап туруп байпагына төшөп кийгизип койсоңуз, дене табы түшүп калат.
Сыздоокто
Пиязды төрт бөлүккө бөлөсүз дагы, анын бир бөлүгүнүн сырткы кабатын алып, анын ичине шилекейленген кир самын саласыз да, сыздоокко таңып коёсуз. Сыздооктун ириңин соруп алат.
Канды токтотуу
Кокусунан териңизди кесип алсаңыз пияздын бир-эки кесимин коюп, чүпүрөк менен таңып салсаңыз, кан токтоп калат. Эгерде дайыма пиязды таңып жүрсөңүз жаратыңыз бат айыгат.
Чыйрыгууда
Эгерде денеңиз чыйрыгып ысый албай жатсаңыз, сизге пияз жардамга келет. Бир пиязды аарчып алып чийки боюнча баарын жеңиз. Бир канча убакыттан кийин чыйрыгууңуз басылып, жылып жеңилдеп калганыңызды сезесиз.
Буттун жагымсыз жытына
Пиязды шакекче кылып туурап, бутка коюп туруп байпак кийип алсаңыз, бутуңуздагы жагымсыз жыттан арыласыз.
Аары чакса
Эгерде курт-кумурскалар чагып алган болсо, пияздан кесип алып ошол жерге койсоңуз, шишигин таратып, уусун чыгарып, теринин бат айыгышына жардам берет.
Тырыкты кичирейтет
Теридеги тырыкты кичирейтүү үчүн тырыктын айланасын пияздын кесиндиси менен сүрүп турасыз
ПИЯЗ ЧАЧТЫ ЖИБЕКТЕЙ КУЛПУРТУП , БЕКЕМДЕЙТ!
Пиязды майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, алынган боткону бетке жапса, сепкилдерди, кийин пайда болгон беттеги тактарды, безеткилерди кетирүүгө жардам берет.
Кургак бетти жумшартуу үчүн кыргычтан өткөрүлгөн пияз боткосуна бирдей жумуртканын сарысы менен 1 аш кашык каймак майды аралаштырып, бетке жабасыз. А эгерде майлуулугун азайтам десеңиз, анда ушул эле рецептке жумуртканын сарысын эмес, агын кошосуз.
Сепкил баскан майлуу бетти күн сайын 2-3 жолу тең ортосунан кесилген пияз менен сүртүп турсаңыз, сепкил да, теринин майлуулугу да азаят.
Бирдей өлчөмдөгү пияз жана бадыраң ширелерин аралаштырып, муну менен бетти сүртсө, бет агарат.
Кабыгы менен сууга кайнап бышкан пиязды аарчып, эзип, ага бир аз каймакмай кошуп аралаштырып, 10-15 мүнөт бетке жапса, терини азыктандырат жана бырыштарды кетирет.
Пиязды майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, алынган боткодон 3-4 аш кашык шире сыгып аласыз. Ширени чачтын түбүнө сүртүп, сүлгү менен башыңызды жылуулап оройсуз. Чачыңыз кургак же нормалдуу болсо 1 сааттан кийин, майлуу болсо 2-3 сааттан кийин шампундап жууп коюңуз. Бул чачты тез өстүрөт, түшүп жаткан болсо түбүн бекемдейт, какачтан арылтат, жумшартат жана жибектей жылтырак кылат.
Чач түшүп, таз болуп баратса, анда мындай кылуу керек: бирдей өлчөмдөгү пияз ширеси менен балды аралаштырып, таз болгон жерге жакшылап сүртүү зарыл. 1 сааттан кийин жуубастан нымдуу салфетка менен гана тазалап коюңуз. Процедура күн сайын кайталанып, 2 айга созулат.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8