Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

1 мая 2021

Келиним мени кантип байытканын айтып берейин

Келиним мени кантип байытканын айтып берейин - 917323116373
Менин башка кайын энелерден эмнем кем деп, акыры силерге жазууну чечтим. Алтындай болгон келинимди азыр бир мактап албасам, кийин качан мактайм, туурабы? Мен келиндүү болгон жокмун, мен кыздуу болдум. Кырктан кийин токтоп калган жашоом жанданды. Мурда эптеп күн өткөрчү элем, азыр мен маңыздуу жашагым келе баштады. Көздөрү башкача жылуу эле. Ак жоолугумду салып жатканда байкагам. Бетинен өөп, көшөгөгө жетеледим. Кокустан чалынып кеттим. Келиним кармап калбаса жыгылып түшөт элем. “Апа, баары жакшы болот” деди. Мен сөзүнө ишендим. Акыры баары жакшы болду. Ушактан башым чыкпайт эле. Кошуна аялдар же курбуларым менен жолуксак эле бирөөнү ушактап, наалып, жамандап жатып калабыз. Айланамдагылардын баары жаман болчу. “Ай, биздин убакта” деген сөз оозубуздан түшпөйт. Өткөн кез менен жашап жатканымды келиним келгенден кийин билбедимби. Ооба, ал убакта жакшы нерселер болду, бирок анын баары өтүп кетти. Эми жаңы заманга, экологияга көнүп, алдыга багыт алуу керек экенин кеч билгениме өкүнөм. Эң негизгиси жоопкерчиликти өз мойнума алдым дагы, ватсаптагы бүт группалардан чыгып кеттим. Ишенесиңерби, башымдын оорусу басылып, кадимкидей эс ала түштүм. “Бул көөп, эл карабай калды” деп сүйлөштү. Айрымдары сөктү, калгандары шыбырашты. А мага баары бир. Анткени мен бактылуумун. Мен сонун тортторду жасайм. Үйдөгүлөр жеп туруп кетишет. Жети же сегиз сааттык жумушумдун акыбети кайтпайт. Көңүлүм түшүп бөлмөмө кирип кетем. Бирок, келиним антпеди. “Апа, бул тортторду башкалар дагы жеп, өздөрүн бактылуу сезиши керек” деди да, бизнес план дейби, ошону түзө баштады. Биринчи курбуларына чалып төрт буйрутма алды. “Апа, эртеңкиге төрт тортуңуз керек” дегенде шок болуп туруп калдым. Түнү менен уктабай бышырып чыктым. Колума акчасын алгандан кийин толкунданып ыйлап жибердим. “Апа, мээнетиңиз текке кеткен жок, бул акысы” деп бетимден өптү. Барып туруп өзүмө көйнөк сатып алдым. Буйрутмалар көбөйө баштады. Келиним жумушунан келип алып, түнү менен аларды кабыл алат. Мен торт бышырам, чалым таңгактайт, уулум жеткизип берет. Бир жылдан кийин цех ачтык. Кошумча жумушчуларды алдык. Көп жылдан бери ремонт эмне экенин билбеген үйүбүз сүйүндү. Келиним мага машина айдаганды үйрөттү. Залга жаздырып, дем алыш күндөрү жаратылышка экскурсияга чыкканды адат кылып берди. Чөйрөм өзгөрдү. Мен өзгөрдүм. Ушак сүйлөбөгөн, бирөөнүн жашоосуна кийлигишпеген, максаты бар курбуларды таптым. Баары келинимдин күчү менен болду. Өзүмө ишенбей баратканда келиним баягы сөзүн айтат: “Апа, баары жакшы болот.” Чүкүнтайым (келинимди ушинтип эркелетем), берекем, алтыным, сен мени кандай бактылуу кылганыңды билсең кана. Карыганда жашоомо көрк бердиң, мага башка дүйнөнү көрсөттүң. Сөзүңдү угуп туура кылганыма ынандым. Мен азыр бактылуумун. Жашагым келет. Бул үчүн сага рахмат.

Комментарии 9

Шайыр Жунусалиева
Шайыр Жунусалиева
Бизге да сиздикиндей келиндерди насип этсин
1 мая 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ОЛЬГА ДОБРОВОЛЬСКАЯ
    ОЛЬГА ДОБРОВОЛЬСКАЯ
    Фото
    Фото
    1 мая 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Фарида Жумабаева
    Фарида Жумабаева
    Ооба биз да ушундай кайнене эмес апа бололу куда кааласа болобуз иншаллах
    1 мая 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Анара Тургунполотовна
    💋
    1 мая 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    бубура муканбетова
    бубура муканбетова
    ❤️
    1 мая 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гульзада Замирбековна
    Гульзада Замирбековна
    👍🎂🌹💐🌷
    2 мая 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айчурок Адишова
    Айчурок Адишова
    Ушундай келиндерди аллахым насип кылсын 👐👐👐
    2 мая 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Мейликан Жолдошова
    Аллхм ар бир пендеге ыйман нысап берсин биз дагы ушулардын жолун жолдоого Насип этсин
    4 мая 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    АНГЕЛ Baby
    АНГЕЛ Baby
    Мен да башканын үй бүлөсүндө ушундай келин болгум келет.Баары мага ишенген,сыймыктанган суктанаарлык эң башкысы бактылуу болгум келет.Башканын үй бүлөсүнө жагымдуу өзгөрүүлөрдү киргизүүнү жактырам.
    4 мая 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 915Фото 23 049Видео 1 633Участники 40 633
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 915
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться