Бир жолу атам жумушунан чарчап үйгө келди.
А апам бизге тамак жасап жаткан. Анан тамак даяр болуп бизди дасторконго чакырды. Атам экөөз колубузду жууп, барып олтурудук. А апам бир кезде алдыбызга кап кара болуп күйүп кеткен, кууруганда астын от алып кеткен жумуртканы койду. Атам унчукпастан күлүп гана ал тамакты акырына чейин жеди. Тамак желинип бүткөн соң, апам келди да, тамакты күйдүрүп койгондугу үчүн кечирим сурады. А атам болсо:
" - Алтыным сен билбейт белең, мен деген карарып күйгөн жумуртканы жакшы көрөмүн да" - деп жылмайып гана койду. Апам чыгып кеткен соң:
- Ата сиз чын эле күйүп бышкан жумуртканы жактырасызбы ?- Жок балам.
- Анда неге апама андай дедиңиз ?
- Уулум.. Инсан сөзү унутчаак дегенди билдирет жана да биз күнөө кылуучубуз, адашуучубуз.. Жараткан кечиримдүү зат. Биз дагы бири бирибизге болгон мамиледе
кечиримдүү болушубуз керек. Анан да сага тийген аял сенин аманатың болот. Аны көздүн карегиндей сактоо керек. Ошондой эле апаң да менин мойнумдагы аманатым. Анын кемчилигин жашырып, жакшылыгын ашыруу да менин милдетим. Эгерде мынтип болоор болбос нерсеге чыр чыгара берсем, анда үйдөн береке качат. Кечиримдүү болуу керек."-деп жылмайып гана койгон


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1