
Күйөөсү каза болгондо гана жазышчу чачтарын жайып, илгери. Анан төө чечкенде жазып салчу. Азыр ар бир кыз же аял жазып жүрөт. Анан күйөөгө тийе албай кара далы болуп калганы, же жесир болуп калганы канча? Көбүнчө эркектер кырсыкка көп кабылат. Же бирөө өлтүрүп кетет. Же мушташып... же аскерден...(Кудай сактай көр!) Бул да болсо чачтын тилегинен уламдыр. (Бул жерде далыга жеткен же далыдан түшкөн узун чачтар жөнүндө сөз болуп атат). Ушуну кемпир эжем кечке эле айта берет:
- Элигиңди көрөйүн шайтандар, дралейбоско чыксам деле күйөөсү өлгөн кыздар чыгат, абдобуска чыксам деле күйөөсү өлгөн аялдар чыгат. Деги ушу шаарга апкелбечи мени. Чачтын тилеги жаман. Итернейтиңе жазып сал десем же сен укпайсың, кулагың өскүр?
Бирок, жазгам мурда. Жаздым десем ишенбейт. "Жазсаң иминеге анда чачтарын жазып жүрүшөт? Жазганың калп та?" дей берет.
Кыздар, чачыңарды бир жыл тоголок кылып түйүп же экиге бөлүп өрүп жүргүлөчү, тилегин текшерип көрөлү? Кемпир эжемин аманатын жеткирдим. Силер да бөлүшүп чачтуу кыздарга жеткиришип койгулачы, жарайбы?
БУ КАРА.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6
Азыр мурдагы замандагы ата-апаларыбыз бул дуйно менен кош айтышып кетишти...
Мурда бизди чачыбызды жазып журсок,эри олгондор аялдар ошентип жайып журушот деп.
Чачыбызды жайдыртчы эмес.
Оруп же туйуп алчуубуз.
Ал убакта салтты аябай кармашчуу.
Биз да ата-энелерибиздин тилин укчубуз...
Азыркы балдар ата-эненин тилин угушпайт,сыйлабайт...
Бул темага мен кошулам.