Сүйүү....... Жүрөгүндө кадырын билип, кастарлаган атасы-апасы менен бир-туугандарынан да, кадырын билбеген бир түйтөк баш кыздын орду алда канча чоң экенине аргасыз таң бересиң. Ооба. бул адилетсиздик, а балким өтө бир уят көрүнүш, а бирок, жүрөкө буйрук бере албайт экенсиң... Сүйүү деген ушундай табышмактуу, сырдуу, кубаттуу сезим болот экен........
-Байкуш Хатико. Күтүүнүн канчалык оор жана азаптуу экенин, күтүүнүн бир күнү кадыресе күндөрдүн миңине тете болорун жан бирге жакынын, бактылуу күнүн же белгисиздиктин мунарык туманынын ичиндеги өзүнө арналган жакшылыгын узакка күткөн адам гана билет.