Анжиян полькасы - түштүк кыргыздардын бийи.
- Бул бий Кыргызстанда жаралган. Аны Зиябидин Шокиров деген бирєє оштук кыргыздардын "ойно, бийле, жырга, бийле" деген ырынан алып туруп ошондой аранжировкага салып койгон. Бул чыгарма алгач "Оштук жигиттердин бийи" деп аталган. Ушул чыгармачыл топ алгачкы концертин Анжиянда бергендиги үчүн гана бул бий эл арасында "Анжиян полькасы" деп аталып калган. Мына бүгүнкү күнгө чейин бул чыгарма "Оштук жигиттердин бийи" деп патенттелип турат. Ишенбесеңер изилдеп көргүлө. Ал кишинин балдары азыр Кыргызстанда жашайт. Патент ошолордун колунда. Андыктан өзүбүздүн колдогу алтындарды барктап албасак, бирөөлөр тартып алышы мүмкүн экенин айткым келет.