Борбор калаада диний маанайды чагылдырган көрнөк-жарнактар социалдык тармактарда кызуу талкууларды жаратты. Анда кыргыздын улуттук кийимине катарлаш эле бетин ак менен чүмкөгөн, анын катарында паранжа кийген кыз-келиндердин сүрөтү тартылып, алдына "Кайран элим, кайда баратабыз?" - деп жазылган.