Эки уулу биринчи топтогу майып, өзү 80 жашка таяп калган Халипа Ибрагимова коомчулуктан жардам сурайт. Ал Ош шаарынын тургуну. Анын эки баласынын тең үй-бүлөсү жок. Халипа эне денесиндеги жаралардан улам ооруканага жатып дарыланганы менен натыйжа чыккан эмес. Дарт күндөн-күнгө күчөп карыянын кыймыл аракетине терс таасирин тийгизген. Ошентсе да 40тан ашкан көзү азиз уулуна тамак жасап берүүгө аргасыз