Уберите лишние метки и подтвердите оставшиеся, если они определены верно
Убраны из меток0
Подтвердить метки
Отмена
Бишкектеги соода борборлорунун биринде Кыздарды коргоо күнүнө карата акция өттү. Анда кыргыз коомунда болуп жаткан кыз ала качууга каршы театралдаштырылган оюн көрсөтүлдү. Кыздардын эл аралык күнү 2012-жылы Канаданын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясында бекитилген. Ал эми Адам укуктарынын жалпы декларациясы 1948-жылдын 10-декабрында Парижде, Башкы Ассамблеянын жыйынында кабыл алынган.