Ак-Суу айылынын Бишкек шаарында ай сайын өтүп туруучу кичи футболунун май айындагы кезегин айылыбыздын 1988-жылкы бүтүрүүчүлөрү 10 жылдык маарекесине арнап өткөрүштү. Кичи футбол мыкты деңглде өттү. Исаев Майсалбек жана Умаров Балтабай эң мыкты оюнчу деп табылып, эң мыкты чабуулчу Шамуратов Матмуса болду. Ал эми ак сакалдар командасынан Ниязов Нишан ава эң көп голдун ээси "бомбардир" мыкты оюнчу болду.
1-орунга 1989-жылкылар ээ болсо, 2-орунга маарекенин ээси 1988-жылкылар ээ болшту. Ал эми 3-орунду ак сакалдар командасы алды. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктарга да ээ болушту.
Уюштуруучуларга Алла ыраазы болсун!