Жаштар арасындагы радикалдык жана экстремисстик агымдарды таратууну алдын алуу максатында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду альтернативалык идеология катары “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорун кайрадан активдештирди. Долбоордун алкагында ар кандай тармактагы ийгиликке жетишкен инсандар менен жаштар ортосунда тематикалык, интеллектуалдык жолугушуулар өткөрүлүп турат.
Биринчи семинарда “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков “Бирөө гана” темасында жаш мекендештерге руханий жана интеллектуалдык жактан өнүгүүгө, жоопкерчиликтүү жаран болууга чакырды.