Сөзү: Гүлжамила Шакированыкы
Обону: Камчыбек Жусуповдуку
Аткаруучу: Токтобүбү Черикчиева
"Кошуңуз агай"
Оп тартып сиздин жан дүйнө,
Опкоолжуй түштү жүрөгүм.
Оюмдун баары сиз болуп,
Оорулуу жандай жүрөмүн.
Үнүңүз чыкса дал болуп,
Убайым тартып кыйналам.
Каяктан сизди көрдү элем,
Капырай мынча мени кыйнаган.
Кусадар жанды ким аяр,
Күйбөстүр өчкөн отубуз.
Белгисиз бойдон калалы,
Кошуңуз агай, кошуңуз!