Кыргызстанда быйыл 55 531 гектар жерди чегиртке каптаган. Анын ичинде эң көп Жалал-Абад облусунда 29миң гектардан ашуун жерде аныкталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, зыяндуу чегирткелер жыл сайын республиканын айыл чарбасына, экономикасына коркунуч туудуруп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуусуна тоскоолдук жаратып келет. 20-июнга карата жалпы республика боюнча 88 670 га жерге зыяндуу чегирткелерди изилдөө иштери жүргүзүлдү.
https://t.me/trkregion