“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун баасы 4 млрд 700 млн доллар деп бааланды. Кыргызстан өзүнө тиешелүү сумманы Кытайдан насыя катары алууну пландоодо. Бул тууралуу бүгун, Жогорку Кеңеште тармактык комитет аталган долбоорду илгерилетүүгө багытталган мыйзам долбоорун карап жатканда айтылды. Бул долбоор ишке ашырылса Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө жалпы оң социалдык-экономикалык жана калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтарды кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө олуттуу көмөк көрсөтүлөрү айтылды. Ал эми комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоп бергени менен бир топ кемчилдиктер бар экени кошумчаланды.
https://t.me/trkregion