Темир жол бажысынын «Түндүк» башкармалыгынын мурунку жетекчиси Нурбек Айбашев 17-июнга чейин камакта кала турган болду. Мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 25-майда Айбашевдин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда миллиондогон каражат карыз болгон тараптардын тизмеси, ар бири 50 миң долларлык 25 алтын саат табылган.
Айбашев Темир жол бажысынын «Түндүк» башкармалыгынын мурунку жетекчилиги кызматынан 2016-жылдын 21-апрелинде алынган.