23-февраль- мамлекетибиздин, коомубуздун жана Кыргызстандын ар бир жаранынын коопсуздугун сактаган эр азаматтардын майрамы. Айрыкча бул күндү, Куралдуу Күчтөрдүн жоокерлери,укук коргоо системасында жана улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылып жаткандар белгилеп келишет. Өз өлкөсүнө жан дили менен берилип, милдетин аткарып жаткан кызматкерлер Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чараларды өткөзүүдө. Бул күндү утурлай Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана ардагерлери аба-ырайынын катаал шартына карабай жөө жүрүш жасап, машыгуудан өтүштү.
trkregion (
https://t.me/trkregion)