Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2023-жылдын 26-майындагы /18-4464 сандуу тапшырмасына ылайык, социалдык контрактты ийгиликтүү ишке ашыруу максатында куратордук колдоону жүзөгө ашыруу үчүн социалдык жардам алган социалдык контракттын катышуучуларына жардам керек болсо, маселени чечүүнү жана кечиктирилбестен ыкчам колдоо көрсөтүү максатында, социалдык контракттын катышуучуларынан иш күндөрдүн бир убактысында шаар мэри К.Б Бектемиров тиешелүү жетекчилер менен бирге кабар алды.
Алынган акча каражаты боюнча ишкерлердин аракети болуп жаткандыгына күбө болуп кайтты.
Албетте жаңы иш баштоодо кемчиликтер болбой койбойт. Кээ бир ишкерлерибиздин да алдыга умтулуу аракети болуп жаткандыгын айтып түшүндүрүштү. Шаар мэри жетишпей жаткан кемчиликтерди жоюуга ыкчам колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.