7-апрель окуясында курман болгондорго арналып чыгарылган жоктоо ырынын биринчи бөлүгүндөгү саптардын айрымдары акындар Шайлообек Дүйшеев менен Кыялбек Урманбетовдун калемине таандык. Экинчи бөлүгүндөгү саптар Элмирбек Иманалиевдики. Чыгармада автор “курман болгон балдар кыргыз эли түшүнүккө кирсе деп, бир үйбүлөгө баш ийбөө керектигин билсе деп өлүп кетишкенин, жаңы келген бийлик өкүлдөрү өткөн кайгылуу окуядан сабак алышы керектигин”,-белгилеген.