Уберите лишние метки и подтвердите оставшиеся, если они определены верно
Убраны из меток0
Подтвердить метки
Отмена
2018-жыл "Айыл аймагын өнүктүрүү жылына" карата Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагы эсил кайран СССР бузулгандан бери толук иштетилбей калган Кабыктын-Дөңүндөгү 146 га жерди иштетүү чечимине келишти.
Бул жерлер үлүшкө бөлүнүп кеткенден бери бири иштетсе, бири маани бербей, жада калса үлүшү кайсыл жерде экенине кызыкпагандар дагы болгон.
Эми минтип кооператив түзүп, аракетибизди көрөлү деп макулдаштык.
Бул үчүн өтө чоң мээнет, ынтымак жана жогорку Өкмөт тарабынан колдоо керек.
Себеби, көпчүлүк жерлердеги латоктор таланып кетсе, кээ бир жерлер такыр жарактан чыккан. Суу толук барбайт.
Эми бизден аракет, жыйынтыгы Аллахтан. Жараткан Өзү берекесин берсин.
Колдоп берген элге терең ыраазычылык.