Сузактагы Жаанбай Узаков атындагы мектепке 225 орундуу жаңы имарат салынат. Бул боюнча бүгүн, 11-майда курулуштун долбооруна коомдук талкуу өткөрүлдү. Имарат дүйнөлүк банктын колдоосу менен курулат. Аталган билим уянын экинчи имаратында жаракалар пайда болуп, ушул жылдын башында жабылган. Учурда 400дөн ашык окуучу 120 орунга ылайыкталган биринчи корпусунда билим алып жатышат.
t.me/trkregion (https://t.me/trkregion)