Уберите лишние метки и подтвердите оставшиеся, если они определены верно
Убраны из меток0
Подтвердить метки
Отмена
Сүйүү
Сүйүүнү бийик тутуп кадырлаган,
Сүйдүрүп сүйө билген асыл адам.
Сүйдүрүп эргүү алып ыр жазсак да,
Жете албадык кадырына жакын кадам...
Сүйдүм деп жактырып ойлонобуз,
Кезигүүнү самайбыз кор болобуз.
Түшүнбөйбүз сезимиңдин далили жок,
Төрөт үйдө жүргөнсүп толгонобуз.
Жактырып сүйдүм деп алмаштырып,
Энчилейбиз жүрөктөргө жайгаштырып.
Сүйүүнүн табышмагын чече албай,
Жактырууну сүйүү менен кайраштырып.
Сүйүү өзү барбы деп айткым келет,
Көпчүлүгү жок дешип баарын жеңет.
Жактыруу сүйүү сезим биригишип,
Адам затка жашоодо демин берет!
автор : Атыров Темирлан Тургунбаевич
Бишкек шаары.