Садыр Жапаровдун мамлекеттик саясаты жөнүндө жазуучу Олжобай Шакир менен акын Сайкал Керездин тамашалуу такмазасы…
Алдар көсөгө айланган ажо!
О. Ооба. Тек, Алдар көсө – бүбү-бакшы, молдо, сараңбай, кара ниеттерди алдаган болсо, а булчу… атпай журтту алдаганын айтпайсыңбы!
Н. Аныгында Алдар көсө элден чыккан акылдуу, амалкөй болгон. А биздин каарманда акылмандык кайдан. Тескерисинче, акылдууларды алдаган амалкөй чыкты.
О. Йе, аны канча айтасың. Баарынан да Кумтөр алтынын айтпайсыңбы. Алтынды буга дейре элдин байлыгы деп келип, а бүгүн алтын менен элдин иши болбосун, алтынды Кыргызстандан кантип жана кайсы өлкөгө чыгарууну өзүбүз билебиз деди го.
Н. Ой-ий, айтканынан кайта бермей анын көндүм адаты. Эми билгенсип айтасың да! Даканса деген даканса алдайт. 30 жылдан бери боло элек башка иштерин айтпайсыңбы Алдар көсөнүн.
О. Та-ак, кайсы бирин айтайын… И… баса, нарындыктар 30 жылдан бери каздырбай келген Жетим-Тоо кенин Алдар көсөбүз гана каздырам дейт.
Н. Аны айтасың. 30 жылдан бери президенттик бийликтен тажаган элди бул Алдар көсө супер-президенттик башкарууга тез эле алып келди го!
О. Ошо да кеппи. 30 жылдан бери үй-бүлөлүк, кландык башкаруудан тажаган элге кайра эле ошол системаны тез алып келбедиби.
Н. Мунуң талашсыз чындык. Ал тургай куда-сөөк, досторун, балдарын, балдарынын досторун, жердештерин четинен кызматка орноштуруу жагынан абыдан эпчил экен.
О. Эй бул Алдар көсө президенттик такка жеткенге чейин билесиңби, коррупция менен күрөшкөн эркин журналисттер менен биргеликте күрөш жүргүзмөк болгонун.
Н. Айтканы кана?! Тескерисинче, коррупция менен күрөшкөн журналисттин чөнтөгүнө баңгизат салдыртып, жалган жерден кылмыш козготуп койду.
О. 30 жылдан бери адилетсиздиктен тажаган элге тил эмизген жагынан бул Алдар көсө ажобуз мурункулардан да тез эле ашып түштү да… за то!
Н. Иий, койчу эй! Сага да дакансалардын оорусу жугуп баштаганбы?! Фү, жүзүң кургур!
О. Эй, неңди урайын. Мени даканса дебе. Тилиңдиби… тилиңди сууруп коем азыр!
Н. Мына, адам болуш аста-аста, даканса болуш бир паста. Ха-ха! Сен деле тез эле дакансалардай ызырынган, дакансалардай бок ооз болуп калганың.
О. Эй, энеңди сс… Садыр авама асылба көп. Ал деген элдин бактысына жаралган. Түрмөдө жатып, көрбөгөндү көрүп чыккан үчүн биз аны президент кылганбыз! Эл аны жакында хан кылат тез эле!
Н. Курултай жыйынындабы?!
О. Силер аны курултайдан кийин көрөсүңөр! Көрөсүңөр! Ага чейин бизге катталып койгула!
Н. Бизге катталгандар Алдар көсө ажобуз менен анын досу өлкөбүздү ташжалак жолго кантип салганы жөнүндө аңгеме куруп турабыз дайыма. Алдар көсөгө айланган ажо30 жылда мындай болгон эмес!
#айтайтдесе #олжобайшакируулу #сайкалакын #19тоннаалтын #калпсадыржапаров #политика #айтыш #дыйканакын #айтайтдеседыйканакын #ташиев #дыйканакынайт #болотназаров #акындар #поэзия #коррупция #дыйканакынайтыш #30жылдамындайболгонэмес #айтайтдесеолжобайшакируулу #сайкалакынайтайтдесе #кыргызстандынполитикасы
Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат
https://www.patreon.com/temirovlive
Биздин тик-ток -
https://vm.tiktok.com/ZSecaq4Eo
Инстаграмыбыз -
https://www.instagram.com/aytaytdese/