Жол-кайгуул кызматкеринин колунан Сокулук районунун 23 жаштагы тургуну каза тапты. Бул факт боюнча ички иштер министрлиги кызматтык иликтөөнү баштады. Маркумдун жакындары тартип сактоо органдары ишти жабууга аракеттенип жатат деген шектенуулорун айтышууда. Ал эми ички иштер министрлигинин өкүлдөрү болсо жол-кайгуул кызматкери, өзүн коргоо максатында ок аткан, деген версияны карманууда.