Өрмөктүн философиясы.
Өрмөкчүлүк кылымдан кылымга, муундан муундарга өксүбөй, улам өркүндөп, көркөмдөлүп өсүп кележаткан кыргыз элинин улуттук искусствосу.
Кыргыз элинин уз айымдары өрмөктүн курулушуна, токумдарына жер жүзүндөгү жашоонун терең философиясын батырышкан.
Сөзүм негиздүү болсун үчүн өрмөктүн түзүлүшү жөнүндө түшүндүрмө берейин.
Өрмөктүн эриш жибинин, өрмөктүн күзүгүнө бекигени ургачысы, ал эми күзүккө бекибей бош калтырылган эриштин жиби эркеги деп аталат. Ар бир эркек жип менен ургачы эриш жип кайчылашып курулат. Мындай кайчылашкан жиптердин саны, согула турган таардын эңине жараша болот. Өрмөктүн эркек жиби менен ургаачасынын кайчылашып бириккен жерине аркак жип өткөзүлүп, өрмөк согулат.
Ушул жарыкчылыкта жашаган жан-жаныбарлар, курт кумурскалар баардыгы жубу менен, эркеги жана ургаачы болуп жаралат. Ал түгүл өсүмдүктөрдүн гүлүнүн аталык жана энелик белгиси болот.
Бардык нерседе аталык, энелик деген жуп болгон үчүн «Дүйнө» бүтүн, жер жүзүндө жашоо уланат. Жан жаныбардын эркеги менен ургаачысын биринен бирин ажырасыз кылып жипсиз байлап турган эмне? – бул алардын ортосундагы сүйүү, андан кийин сүйүүнүн натыйжасынан жаралган тукум, урөн, бала мына ушулар жашоону кооздойт көркөмдөйт. Ушул сезимдер канчалык күчтүү тунук таза болсо, басып өткөн жол ошончолук ажайып кооз, аялуу-кымбат. Бирок мына ушулардын баарын ТАГДЫР деген табышмак башкарып көзөмөлдөп турат.
Ошондой эле өрмөктүн эришинин эркеги менен ургаачысынын кайчылашына өткөзүлгөн аркак жип алардын сүйүүсүнүн жиби, аларды бириктирип согулуп бүткөн таар (полотно) алардын сүйүүсүнүн натыйжасы басып өткөн жолу.
Ал жолдун көркөм кооз болушу башкача айтканда алардын тагдыры бүтүндөй өрмөкчүнүн колунда, ал өрмөкчүнүн ой чабытынан чеберчилигинен көз каранды.
Бардык жаралган жаңы нерсе эркек менен ургаачынын жалгашынан жаралат, бул жашоонун мыйзамы жаратылышы.
Кыргыз аялдары жашоонун мына ушул мыйзамын сактап өрмөктү куруунун техникасын ойлоп табышкан. Өрмөктүн философиясы мына ушунда.
Кыргыз аялдарына гана мүнөздүү болгон көркөм чеберчилигине, керемет кыргыз оюларын ойлоп тапкан уздугуна, эмгекчилдигине таң бербей койбойсун.
Жер жүзүндөгү элдердин эч бирин де болбогон кыргыз оюларынын көркөмдүгү, акылдын ой чабытынан бүткөн чийимдери сыйкырдуу күч менен өзүнө тартып турат. Ал оюлардан керемет күүлөрдүн кайрыктары, тунук сезимдердин чубалган дастаны кулагыңа угулат. Мен кыргыз оюларын сүйомүн аларды карап тажабайм, көргөнсайын ажайып сезимдердин толкунунда термелемин.
Кыргыз эли уникалдуу эл экенибизди баарыбыз эле баамдап билбейбиз. Башканы айтып эмне кылайын кыргыз аялдары эркек менен аялдар үчүн миң түркүн улуттук баш кийимдерди кооздоп, көркөмдөп тигишкен. Ал эми дүйнөдө айрым элдер баш кийим үчүн жөн эле материалды баштарына чалып же болбосо капюшон деп аталган мешокторду баштарына кийин алышат.
Ошол үчүн кыргыз уз аялдарын сыйлайлы, өрмөкчүлүктү өнүктүрөлү.