Октябрь айынын алгачкы биринчи жумалыгы эл аралык мугалимдер күнү. Бул жумада мугалимдик кесипти аркалагандар майрам шаңына, ар кандай жакшы тилектерге ээ болушат. Алардын катарында Кочкор-Ата шаарында 50 жыл агартуу тармагында эмгектенген Валентина Рыскулова да бар.
Ар дайым жүзү жайдары, сабагын жан дили менен түшүндүргөн, окуучуларынын ар бирине өзгөчө көңүл бурган Валентина Рыскулова өмүрүн агартууга арнады. Азыр ардактуу эс алууда болсо да окуучуларын, сүйгөн кесибин таштабай, билим берүү менен алек. 50-жылдык эмгек жолунда тажрыйбаны бекем топтоду. Эми окуучулардын көңүлүндөгүдөй, жеңил жана түшүнүктүү окуу китептерин жазып жүрөт.