Достор, элибизде жакшы сөз бар "Наристенин оозунда, кудайдын кулагында" деген.
Баарыбыз бир кездери кичинекей болгонбуз жана ар бирибиздин көңүлүбүздө ыйык сакталган сырларыбыз бар.
Бир кездери башка балдар сыяктуу эле шаарга барып, чоң адам болуу жана мектептин линейкасына конок катары катышууну кыялданчу элем.
Буйруса, менин кыялдарым акырындан орундалып келе жатат жана баардык тажрыйбам, жетишкендиктерим менен Таш-Көмүр шаарым жана жалпы өлкөм менен бөлүшүүгө даярмын. Эң негизгиси буга ишенүү жана чоң каалоо керек.