Периште апаларыбыз жөнүндө канча жазсамда калем менен бүтүрө албаймын. Апаке бизге берген ак сүтүңүз,мээримиңиз, жакшылыктарыңыз, мени деп агарган ар бир тал ак чачыңыз үчүн ыраазымын жана өмүр бою карызмын. Мен сизди чексиз жакшы көрөм. Жараткандан байлык же бийлик эмес ден соолуктуу болушуңузду атам экөөңүздөр дайым төрүбүздө гана орун алып абышка- кемпир болушуңуздарды тилеп келем. Жакшы жагымды көрсөтүп, жаман жагымды жашырган асыл апасыз. Бул жашоону тартуу кылган, бакыт тартуулаган апаке сизге рахмат!
21.12.2001#20жаш
Рахмат сизге Апа♥️