"Кумтөр" кенинин айланасындагы коррупциялык иштер боюнча тергөө жанданды. Азырынча канча кишиге айып угузулаары белгисиз. Бирок учурунда өкмөттү жетектеп тургандардан тарта, келишимге тиешеси бар баардык мамлекеттик кызматкер, жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Белгилей кетсек, 2014-жылы бул иш боюнча мурдагы үч министр Болот Абилдаев, Темирбек Акматалиев жана Курманбек Осмоновдорго күнөө коюлган. Ал эми Айдар Акаев, Николай Танаев, Эмирлан Төрөмырзаев, Елена Белковская, Садридин Жээнбековдорго сыртынан айыбы угузулган. Бирок кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен тергөө иштери токтоп калган.