Апрель окуясына байланыштуу соттолгондорго карата мунапыс берилбеши керек. Мындай талапты жабыркаган тарап өкүлдөрү коюп жатат. Жогорку сот ишти 20-июлда карамай болду. Эскерте кетсек, айдын башында Аскер соту Апрель окуясы үчүн 10 жылга соттолгон Элмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороев, Нурлан Турсункулов жана Алмаз Жолдошалиевге мунапыс жарыялаган. Көп өтпөй, Жогорку сот судьясы Бусурманкул Бактыгулов чечимди четке кагып, соттолгондор бошотулган эмес. Себеби, аталгандар 304-беренеге ылайык, кызмат ордун пайдаланып кылмыш жасаган деген кине менен кесилген. Бул берене менен камалгандарга ырайым кылынбайт деген талап бар.