Сөзү, обону: И. Николаев таандык "Маленкая страна" ырына КТРКМузыка телеканалынын тапшырмасы боюнча кыргызча сөз жаздым. Гүлзат Кудайбердиева _____________________
ЖАҢЫ ЖЫЛ
Негедир баары кубанышып маанайы жайдары,
Ууртунда күлкү, жылмаюу бар жашы да карысы.
Баладай аруулук тартуулап, тазартып жер бетин,
Жаңырган жаңы жылым келди, кубантып барысын.
П/В
Майрамда татына, майрамда татына,
Музыка коштоп турса, ак кар
себелеп жай гана.
Майрамда татына, майрамда татына,
Балаты укмуш көркүн ачып,
Шаңданат айлана.
Жашылдан көйнөк кийинип алып жапжашыл балаты,
Керемет ушул баарынан да декабрь-кыш айы!
Мээримге толгон сыйкырынан жашарып жүрөктөр,
Экиден жаштар ээрчишип алып айланат бактарды.
Береке чачып, таратып бакыт тартуулап жакшылык,
Элиме амандык бере көр, куш келдиң жаңы жыл!
Сөзү: Гүлзат Кудайбердиева